Видео: Жаза аткаруу кызматынын чиновниги «кафедеги жаңжалдан» кийин кызматынан алынды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы департамент жана конвоирлөө штабынын башчысы Марат Аманкулов кафенин кызматкерин өлтүрөм деп коркутуп жаткандыгы тартылып алынган видео интернетте пайда болгондон кийин кызматынан алынды.

Чиновниктин өлтүрөм деп коркутуп жатканы тартылып алынган видео интернетте 18-май күнү пайда болгон — анда Аманкуловдун адепсиз сөздөрдү айтып, жанындагы адамдардын бирин коркутуп жаткандыгы көрүнүп турат.

Ал аскердик устав менен коомдук тартиптин нормаларын бузгандыгы үчүн кызматынан 5-июнда алынды, деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы.

Автор: Алексей Ким