Видео: Украинадагы согуштук аракеттерге каршы митинг

«Русский мир» мекендештер бирикмесинин мүчөлөрү Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерди токтотуу талаптары менен өлкөнүн Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыгышты. Алар Орусиянын сырткы саясатын колдой тургандыктарын айтышып, анын президенти Владимир Путинди макташты.

Кара-Балтанын жашоочулары Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууну талап кылуу үчүн Украинанын элчилигине келишти. Чогулгандар Орусия Федерациясынын президентин бир канча жолу макташып, «Путин жалпы дүйнөнүн президенти» деп кыйкырышты.

Авторлор:  Нурмухаммед Атамбаев жана Владимир Цай