“Калыс” кыймылынын ондой тарапташтары коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө жана алардын бюджеттерин ачыкка чыгарууга багытталган мыйзам долбоорунун кабыл алынуусун талап кылып чыгышты.
Кыймылдын башчысы Жеңиш Молдокматов билдиргендей, мисалы ошол акчалар айыл чарба жумуштарына коротулса, КЭУнун бюджети мамлекетке көп пайда келтирет эле.
“Ар жылы мамлекет фермерлерибизге күйүүчү майды сатып алуу үчүн каражат издейт жана бул аябай кыйын. Кээде мамлекеттин казынасында акча жетпей калат, а бирок “Сорос” фондунун эсебинден 6 млн 150 миң литр дизель сатылып алынса болот эле”, - дейт активист.
Молдокматовдун ою боюнча, коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттик иштерге кийлигишет жана өлкө ичиндеги саясатка таасир тийгизүүгө аракеттенишет.
“Human Rights Watch уюму президент, депутаттар жана бийликтен гомосексуализм, КЭУ жана жалпыга маалымдоо каражаттары тууралу мыйзам чыгарбоосун талап кыла баштады”, - деди Молдокматов.
Анын маалыматы ылайык, кээ бир КЭУ кызматкерлери бир айда 5 - 18 миң долларга чейин айлык алышат - мисал катары ал БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) улуттук координаторунун кызматын атап өттү.
“Башкалардын айлыгын эсептөө - профессионалдуу эмес”
ПРООНдун туруктуу өкүлү Александр Аванесов Kloop.kgге берген маегинде, эл аралык уюмдарда иштеген кызматкерлердин айлыгын саноону “өтө эле профессионалдуу эмес” деп атады.
“Айлыгыбыз БУУнун системасына болгон шкалага карата белгиленет. Ал баардыгына бирдей, ар кандай дэңгээлдерде. Шкалалар эл аралык жарандык кызмат комиссиясы тарабынан белгиленет”, - дейт ал.
Аванесов ПРООНдун айлык системасын “калысчыларга” жекече түрдө түшүндүрүп берүүнү сунуштады.
“Эгер алардын бизге суроолору болсо, бизге келишсин, биз алар менен сүйлөшүп эл аралык уюмдарда айлык кантип белгилене тургандыгын түшүндүрүп беребиз”, - деди Аванесов.
КЭУ боюнча мыйзам
Кыргызстандын кээ бир мыйзамдарынын, анын ичинде “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамдын да өзгөрүлүшү, Турсунбай Бакир уулу башчылыгында турган депутаттардын тобу тарабынан 2013-жылдын 10-сентябрында демилгеленген.
Алар чет мамлекеттен каржыланган жана саясый иштерди жүргүзгөн КЭУларга “чет элдик агент” деген статус берүүнү сунуштаган.
КЭУлар статустарынан тышкары, сунушталган чараларга ылайык мамлекеттик органдар тарабынан үзгүлтүксүз текшерилип турмакчы.
Орусиянын Мамдумасынын депуттатарынан дээрлик толугу менен көчүрүлгөн Бакир уулунун пикири, укук коргоочулар тарабынан күтүлгөн сынга кабылган.
“Фридом Хаус” уюму аталган пикирлер ишке ашкан Орусиянын мисалына таянып, “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзам Орусияда жүздөгөн КЭУларды “калп айыптоолор” менен текшерүүгө алуунун себеби болуп калгандыгын эскертет.