«Аль-Жазира»: Сириядагы көтөрүлүш Кыргызстандан колдоочуларын табууда

«Аль-Жазира» телекомпаниясы Сирияга барып, ал жердеги көтөрүлүшчүлөргө жардам бермекчи болгон Оштогу кыргызстандык аял тууралуу көрсөтүү даярдаган.

 

Kloop.kgнин редакциясы жаңылыкты кыргыз тилинде сунуштайт.

«Аль-Жазира»нын алып баруучусу: Сирия жана Ирактагы чыр-чатактар чет өлкөдөгү мусулмандар тарабынан талкууга алынууда. Кыргызстанда көтөрүлүшчүлөргө кошулгусу келгендер көп. Көбүнчө мындай кишилер Түркияга барып, андан ары Алеппого багыт алуу үчүн Сириянын чек арасынан өтүшөт. Биздин кабарчыбыз Зейн Басрави Оштон билдиргендей, Кыргызстандын түштүгүндөгү бир аял көтөрүлүштү колдоо үчүн аны эч нерсе токтото албашын айткан.

«Аль-Жазиранын» кабарчысы Зейн Басрави: Ал жергиликтүү атайын кызматтардан кооптонгондуктан, биз менен маектешүүгө келгенде ачуулангандай болуп турду. Кимдир бирөө аңдып келишине тынчсызданып, ал бизди Оштогу кичинекей батирде тосуп алды. Бирок ал эмне үчүн Сирияга барууну каалап жаткандыгын түшүндүрө баштаганда өзүн колго алып басаңдады.

Видео: Кыргызстандын ИИМи сириялык көтөрүлүшчүлөрдү колдогон кыргызстандык аялдар тууралуу айтып жатат

Кыргызстандык София: Мухаммед пайгамбар чыныгы Исламды кездештирүүгө кыйын болгон учур келет деп айткан. Ошондо эл, анда эмне кылыш керек, деп сурайт. Ал айткан: “Дилиңердеги жарыкты сактагалыла”. Азыр ал айткан мезгил келди.

Басрави: Ал цунами, согуштар жана зилзалалар акыр замандын жакындашынын далили жана чыныгы мусулмандар Сирияга кетип жатышат, деп ишенет.

София: Азыр Сирияда пайгамбар айткандай чыныгы ислам дүйнөсү курулууда. Көпчүлүк динге ишенгендер ошол жакка барып, динсиздер менен согушууда.

Басрави: Анын Сирияга кеткен достору азыр эми жашоолору маанилүү болуп калгандыгын айтышкан. София төрөт үйүндө иштеген, бул эмгек тажрыйбасынын ага Сирияда жардамы тиет деп ойлойт. Ал балким курал-жарак менен алдыңкы катарда согушпоосу мүмкүн, бирок ал көтөрүлүшкө колдоо көрсөтүп, тылда жумуш кылышы мүмкүн.

София: Мен медициналык жактан жардам беришим мүмкүн, анткени бул тармакта менин белгилүү бир тажрыйбам бар. Андан сырткары бир аз араб тилин да билем, дин да үйрөтө алмакмын.

Басрави: Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна жоопкер кишилер “кооптуу тенденцияга” тынчсызданышат. Алар Кыргызстандын түштүгүнөн жаш улан-кыздардын Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакка катышуу үчүн кеткендигин ушинтип аташат.

Ош милициясынын башчысы үчүн София сыяктуу адамдарды аңдып кармоо башкы артыкчылык берилген тапшырма болуп саналат.

Skrinshot-04.07.2014-113703-1024x562

Ош милициясынын башчысы Кылычбек Жолдошов: Азыр Ошто жүздөн ашуун экстремисттик веб-сайт бар. Ушул сайттар аркылуу негизинен Оштун өзбек тектүү жарандары Сирияга согушуу үчүн кетип жатышат.

Азыркы күндө 35 оштук Сирияда согушууда. Экөө келген, алар азыр абакта. Бул ишке катыштыгы болгон медициналык билими менен аялдар да бар. Алар аябай жаш жана Түркия аркылуу Сирияга кетип жатышат.

Басрави: Бул бир гана улуттук коопсуздук боюнча маселе эмес. Айрым диний кызматкерлер муну коомдук маселедей көрөт. Ош шаардык казысы Иракта жана Сирияда болуп жаткандар - бул ислам коомчулугунун глобалдык кайгысы деп эсептейт.

Убайдулла Сарыбаев, Ош шаарынын казысы: Кудай адамдардын бирин-бири өлтүрүшүнө каршы. Пайгамбар, эгер бир мусулман башка бир мусулманды өлтүрсө түбөлүк тозокко түшөт, деп айткан. Ошондуктан ким Сирияга башка мусулмандарды өлтүрүүгө бара жатса, ал тозокко түшөт. Бул туура эмес.

Skrinshot-04.07.2014-113703-1024x562

Басрави: Ал сунний ислам бардык мусулмандар үчүн жападан жалгыз багыт дейт. Бирок буга ынандыруунун каражаты - бул курал эмес, сөз. Ал эми София сыяктуу кишилер исламдын башкача чечмеленишине ийкемдүү.

София: Пайгамбар, эгерде туура эмес нерсени көрсөң, күчүң жана колуң менен ал менен күрөш; күчүң жетпесе, сөзүң менен күрөш; эгер муну да жасай албасаң, аны дилиң менен жаман көр - бирок үчүнчү жолу - эң начары, деп айткан. Сен дайыма мыкты жолду тандоону каалайсың, ошондуктан туура эмес нерсе менен күрөшүү үчүн эң күчтүү жолду тандаш керек.

Басрави: Бирок диний үгүттөөчүлөрдүн тынчтык тууралуу насыяттары, көрүнүшкө караганда, ар бирине эле жетпей жатат окшойт.

Зейн Басрави, «Аль-Жазира». Ош, Кыргызстандын түштүгү.