Видео: Жапон саясатчысы каражаттарды орунсуз пайдаланганы үчүн айыптоодон кийин эчкирип ыйлады

Саясатчы Рютаро Нономура бюджеттик каражаттан 30 миң долларды орунсуз пайдаланганына аны айыптагандан кийин Жапониянын Кобе шаарындагы басма сөз жыйынында эчкирип ыйлады.

Жергиликтүү “Кобе Шимбун” гезитинин билдирүүсүнө караганда, Нономура бюджеттик каражатка жалпысынан 200 жолу сапарга чыккан, анын ичинде 100 жолу Киносакидеги ысык булакка барган.

Саясатчы сапарларынын себептерин негиздеп бере албай, басма сөз жыйынында өкүрүп ыйлаган.

Нономуранын видеосу интернетте хитке айланып, бир канча күндө эле аны 3 миллиондон ашуун адам көргөн. Айрым пикир билдиргендер саясатчы ыйлап туура кылды дешсе, кээ бири аны “эркек болууга” үндөгөн.