Видео: Кубик Рубикти тез чогултуу боюнча Кыргызстан биринчилиги

Кубик Рубикти тез чогултуу боюнча чемпионатка катышуу үчүн 40ка чукул адам чогулду. Мелдештин жеңүүчүсү болуп кубикти 11,89 секунддун ичинде чогулткан кыргызстандык жаран аталды. Иш-чара 27-июль күнү арзышкандардын сейил багында өттү.

Кубик Рубикти тез чогултуу боюнча мелдеш үч топтун — 10 жашка чейинки балдар, 11 жаштан 19 жашка чейинки өспүрүмдөр жана 20 жаштан жогоркулардын арасында өттү. Мелдешке 51 катышуучу жазылганы менен алардын 39у гана чемпиондук наам үчүн ат салышышты.

10 жашка чейинкилердин тобунда Нурсултан Закиров, ал эми өспүрүмдөр тобунда — 10 жаштан 19 жашка чейинкилердин арасында — Нурсултан Болотбек улуу жеңишке жетишти.

Жогорку топто Рафис Сайфулин жеңүүчү аталды — ал кубик Рубикти 11,89 секунддун ичинде чогултуп, мелдештин рекордун жаңылады.

Speed cube contest Бишкекте экинчи жолу өтүп жатат, анын уюштуруучусу Mandarino азембелектер дүкөнү. Эми мындай биринчиликти жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.