Видео: Акаевдин кичүү уулунун Кыргызстанга келиши

Мурунку президент Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим 5-август күнү эртең менен агасына топурак салуу үчүн Бишкекке учуп келди. Аскар Акаевдин өзүнүн келгендиги жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз.

Мурунку президент Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим 5-август күнү эртең менен Москва-Бишкек каттамы менен учуп келди. «Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, аны мурунку премьер-министр Кубанычбек Жумалиев башында турган бир топ киши тосуп алышкан.

Ал ортодо Акаевдин өзүнүн Кыргызстанга келгендиги азырынча ырастала элек.

Тема боюнча: Азырынча Акаевдин Кыргызстанга келгендиги ырастала элек