Видео: Бишкектин борборунда курулуп жаткан имараттын чатырындагы өрт

Өрт 6-август күнү кечинде Бөкөнбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда курулуп жаткан имараттын чатыры күйүп кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт ширетүү иштеринен улам чыккан. ӨКМдин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрттүн жыйынтыгында 400 чарчы метрге чукул аянт күйүп кеткен. Ал 19:40та башталып, дээрлик эки саатка созулган.