Видео: 19 жаштагы кыз Жол кайгуул кызматынын башчысына кол салды

Интернетте Жол кайгуул кызматынын инспектору менен урушуп, окуяны уюлдук телефондун камерасына тартып жаткан генерал Талантбек Исаевди уруп жиберүүгө аракет кылган кыздын аракеттери тартылган видеонун популярдуулугу артууда.

Окуя 10-август күнү Жол кайгуул кызматынын «Форсаж» рейдинин жүрүшүндө Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгон. Видеодогу кыз Германиянын мамлекеттик номуру тагылган «Ауди А4» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатканда токтотулган — унаанын документтери ага тиешелүү эмес болгон.

«Инспектор акт түзүүнү сунуштаган, а мас абалындагы 19 жаштагы кыз адепсиз сөздөрдү айтып, инспектордун баш кийимин тартып алып уруп жиберген», — деп билдиришти ШИИБнин басма сөз кызматынан.

Айдоочу бейбаштык үчүн убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилүүдө.

Жол кайгуул кызматынын башчысы Исаев унаа сүйүүчүлөрдүн арасында өзүнүн катышуусунда чуулгандуу рейддерди уюштуруп келгендиги менен белгилүү.