Видео: Алгачкы кыргыз концепт-унаасы

«Тулпар Карагердин» Кыргызстанда чогултулган GT классындагы алгачкы автоунаанын бет ачаары 8-август күнү Бишкекте өттү.

«Тулпар Карагер» — Кыргызстанда чогултулган Grand Turismo тибиндеги (узакка созулган жол жүрүүлөргө багытталган кубаттуу кыймылдаткычтуу шаар унаалары) алгачкы концепт-унаа.

Алгачкы кыргыз концепт-унаасы 5,4 литр көлөмдүү кыймылдаткыч жана 400 аттын күчүндөй кубаттуулук менен жабдылган — ал тез аранын ичинде ылдамдыгын 260 километр саатка чейин жеткире алат.

«Тулпар Карагер» футуристтик сырткы көрүнүшкө ээ — капталдагы күзгүлөрдүн ордуна унаада 170 градус обзордогу камералар орнотулган.

Автоунаанын дизайны «Жаңы формат» дизайн-студиясы тарабынан иштелип чыккан.

«Биз дайыма өз элементтерибиз менен айырмаланып, чет өлкөдөгү ушул сыяктуу башка долбоорлорго окшоштугу жок болушун каалачубуз, биз өзүбүздүн жеке дизайныбызды өрчүтүүгө аракет кылдык», — дейт концепттин түзүүчүсү Медер Койлубаев.

Автор бир авто чыгарып коюу менен токтоп калбастыгын, мындан ары да унааларды чыгара тургандыгын белгиледи. Ал ошондой эле алдыда чыгарыла турган үлгүлөрүн сатып алууну каалагандар да бар экенин айтты.