Атамбаев: Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кирет

Президент Алмазбек Атамбаев орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен болгон жолугушуусунда Кыргызстан Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кирүү ниетинде экенин билдирди.

Атамбаев 11-августта Сочиге иш сапары менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев Орусияны кезектеги жолу «стратегиялык өнөктөш» деп атап, Кыргызстан Бажы биримдигинин курамына 2014-жылдын аягына чейин кирүүнү көздөп жатканын билдирди.

«Бул жолубузда, албетте, биз бир топ кыйынчылыктарга туш келебиз. Бирок, эгерде биз конкреттүүлүк менен чечкиндүү киришсек, көпчүлүк маселелерди тез эле чече алабыз. Эсиңизде бар чыгаар, мен буга чейин Бажы биримдигинин, Евразия экономикалык союзунун курамына ушул жылдын акырына чейин кирсек деп айткан элем. Эгерде эки тарап тең өз каалоосун билдирсе, реалдуу колдоо көрсөтүлсө, азыр Кыргызстан ушул багытта жигердүү иштеп жатат. Менин оюмча, Кудай буюрса баары жакшы болот», — деди Атамбаев.

Өз кезегинде Владимир Путин Орусияда Кыргызстандын энергетикасына карата олуттуу «инвестициялык пландар» бар экенин билдирди.

«Бизде олуттуу инвестициялык пландарыбыз бар, өзгөчө энергетика тармагында. Андан сырткары белгилүү бир тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү багытында да пландар бар. Биз буга чейин эле ал багыттар боюнча иштер кандай жүрүп жатканын көрөбүз деп макулдашканбыз», — деди ал.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталган, бирок ал идея өлкөдө ар түрдүү пикирлерди жараткан.

Бажы биримдигине кирүү идеясын колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан, Орусия сыяктуу ири сатуу рыноктору ачылат деп эсептеп жатышса, каршы болуп жаткандар Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен Кыргызстандын экономикасына кыйла эле салым кошуп келген ишкерлердин банкрот болушу ыктымалдыгынан чочулап жатышат.

Кыргызстандын бийлиги Бажы биримдигине кирүү идеясын сынга алгандарга карата катуу реакция жасап келет — биримдикке кошулуунун каршылаштары тарабынан өткөрүлгөн акыркы митингдер акция катышуучуларынын кармалуулары менен аяктаган.