Видео: Чолпон-Атадагы белгилүү Раппопорт аллеясынын азыркы көрүнүшү

Kloop.kgнин кабарчылары Раппопорт аллеясындагы бактар кыйылып жаткан Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болушуп, тарыхый жайдан эмне калгандыгын видеого тартып келишти.

Ысык-Көлдүн жээгин бойлой кеткен белгилүү Раппопорт аллеясындагы бактарды кыйуу тарыхый жайдын жок болуп жаткандыкгына нааразы болгон активисттердин сын-пикирлерин жараткан.IMG_6454_1Алгачкылардан болуп бийликтин бул аракетин экс-президенттин уулу, активист Атай Садыбакасов сындап чыккан. Ал социалдык түйүндөрдүн бирине бактардын кыйылып жаткандыгы тартылган сүрөттөрдү жайгаштырып, бул Чолпон-Атадагы ат майдандын жанына унаа токтотуу жайын куруу үчүн жасалып жаткандыгын кошумчалаган.

Тема боюнча: Бактардын кыйылып жатышын сынга алгандыгы үчүн экс-президенттин уулун «коркутуп» жатышат

Жооп катары Ысык-Көл облустук администрациясы бийлик куурап калган бактарды гана кыйып жаткандыгын билдирген.IMG_6455_1Өз кезегинде активисттер куурап калган гана бактар эмес, ичтери тазалары да кыйылып жаткандыгына ишендирүүгө аракет кылышып, аллеядагы бактарды кыюу иштерин сүрөткө тартып, интернетке чыгара башташкан.

Бактарды кыйуу иштери сентябрдын ортосунда Чолпон-Атада өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктардын фонунда жүрүп жатат.

Раппопорт атындагы аллея 1934-жылы курорттук Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылынын ортосундагы жолду жээктей тигилген.