Видео: Бишкектеги үчүнчү «Бейпил өтмөк» көчө фестивалы

Жыл сайын өтүүчү спорт жана көчө маданиятынын «Бейпил өтмөк» фестивалы Бишкекте 5-октябрда өттү.

Салттуу түрдө 5-октябрда Бишкектин Киев көчөсүнүн Логвиненко жана Исанов көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгү интерактивдүү беш аянтчадан — искусство аянтчасы, музыка менен бий аянтчасы, эко-аянтчасы, спорттук жана жол кыймылы секцияларынан — турган жөө адамдардын аянтчасына айланды.

Шаар тургундары бир күн бою түрдүү спорттук мелдештерге катышып, музыканттар менен театр актерлорунун өнөрлөрүнө күбө болуу менен көргөчөзмөлөр жана сатып түгөтүү акцияларына бара алышты.