Парламенттин билим берүү комитети «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун жактырды [+видео]

Парламенттин билим берүү комитети «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого» тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Укук коргоочулар бул актты «басмырлоочу акт» деп атап жатышат.

Билим берүү комитетинин мүчөлөрү «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алышты.

Kloop.kgнин парламенттеги кабарчысы Азат Рузиевдин айтымында, чечим кабыл алуу үчүн комитет мүчөлөрүнө 8 мүнөттөн ашпаган гана убакыт жана минималдуу талкуу талап кылынды.

«ЖКнын билим берүү, маданият жана спорт боюнча комитети демилгечи Дыйканбаевдин [депутат Курманбек Дыйканбаев] сөзүн 4 мүнөт уккандан кийин «гейлерге каршы» мыйзамды жактырды.Баары хор менен колдошту», — деп жазды кабарчы өзүнүн твиттер-эккаунтуна.

Демилгечилердин идеясын «жакшы» жана «керектүү» деп атаган комитет мүчөлөрү, депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Эльмира Иманалиева мыйзам долбоорун дароо колдошту.

«Конституция боюнча баары туура. Рахмат, биз карап бүттүк», — деди Осмоналиев мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаевге.

Буга чейин мыйзам долбоору парламенттин адам укуктары боюнча комитетинде көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. Андан бери мыйзам чыгаруучу актынын демилгечилеринин саны эки депутаттан — Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаров — 28 депутатка чейин көбөйдү.

Мыйзам долбоорунун жакында парламенттин биринчи окуусунун талкуусуна алынып чыгарылаары күтүлүүдө.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

Парламентарийлер Курманбек Дыйканбаев менен Төрөбай Зулпукаровдун мыйзам долбоору эгер «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу жакшы пикир калыптандырылса ал адамды бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын сунуштайт.

Ошол эле маалда мыйзам долбоорунун тестинин өзүндө «салттуу эмес мамилелер» деген терминдин эмне экендиги түшүндүрүлгөн эмес.

Депутат Дыйканбаев Kloop.kgге берген буга чейинки маектеринин биринде салттуу мамиле деп ал «аял менен эркек баш кошкондон кийин укум-тукумун көбөйтүү үчүн алектенген нерсени» эсептей тургандыгын билдирген.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

Укук коргоо тармагындагылар бул мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап жатышат.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде ушуга окшош Орусияда кабыл алынган мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.