Видео: Токмоктун жанындагы жол кырсыгынан 8 киши жаракат алды

Жол кырсыгы 8-октябрь күнү Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жеринде болгон – «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаа BMW менен сүзүшкөн, жыйынтыгында 8 киши түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан.

Кырсыктын кесепеттери тартылган видео окуянын күбөлөрүнүн бири тарабынан «Репортёр» сайтына жайгаштырылган. «Турмуш» агенттигинин маалыматы боюнча, сегиз адамдын үчөөсү Токмок шаардык ооруканасына жеткирилишкен.

Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз.

Урматтуу окурмандар, эгер сиздерге кырсык тууралуу кандайдыр бир маалыматтар белгилүү болсо биз менен office@kloop.kg электрондук дареги аркылуу байланышууңуздарды өтүнөбүз.