Видео: Бишкек шаар күнүн кантип белгиледи

11-октябрда Кыргызстандын борбору негизделгенинин 136 жылдыгын белгиледи. Шаар борборунда бир күн бою майрамдык иш-чаралар өттү — шаардыктар веложүрүшкө, флешмобго жана спорттук иш-чараларга катыша алышты.

11-октябрда Бишкектин борборундагы Эски аянт спорттук иш-чараларды өткөрчү жайга айланды — түрдүү тармактагы спортчулар — гимнасттар, таэквондочулар, фехтовальщиктер, оор атлетчилер — өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

300дөн ашык велосипедчи милициянын унааларынын коштоосунда шаардын көчөлөрү аркылуу жүрүш жасашты — алар жүрүштү Ала-Тоо аянтынан башташып, Бишкектин борбору аркылуу өтүп барып Эски аянтка барып токтошту. Велосипедчилерден турган топтун башында Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов болду.

Эски аянттагы спорттук иш-чарадан кийин флешмоб уюштурулду, анда бир нече жүздөгөн адам тизилип, «Я люблю Бишкек» деп жазышты.