Жан Воинов: Голливудду багындырып жаткан Кыргызстан бийчиси

Ал болгону 18 жашта, бирок мекенинде атактуу болууга жетишти, эми Голливудда карьера жасап баштады. Кыргызстанда бийдин поппинг жана локинг стилдерин жайылткан Жан Воинов Kloop.kgнин журналисттерине эксклюзивдүү интервью берди.

Маектин кыска версиясы + Воиновдун Санта-Мониканын көчөлөрүндөгү бийи:

Воиновдун маегинин толук версиясы, журналисттин суроолору жок:

Популярдуулугу тууралуу

Мен өзүмдүн популярдуулугум жөнүндө сүйлөшкөндү анча жактырбайм. Мага Бишкектен, Оштон, Жалал-Абаддан, бардык жерден өтө көп жазышат. Абдан жагымдуу сөздөрдү жазышат, дайыма колдоп турушат. Бирок Кыргызстанда канчалык популярдуу болсом да Америкада ийгиликке жетким келет.Мында баары башкача, башка деңгээлде.

Мен «So you think you can dance» шоусуна катышсам деп кыялданам, ага эмдиги жылы катышам деп пландап атам. Мен өзүмдү сынап, өз өлкөмдү ошол долбоордо элестетип көргүм келүүдө.

Келечекте мен өзүмдү Америкада көрөм деген ойдомун.

Кинематография тууралуу

Негизинен мен «Шаг вперед-5» тасмасына тартылмакмын, бирок анда менин документтерим туура эмес болуп калган.

Анан ошол эле режиссер мени «Breaking Truth» тасмасына чакырды. Анда Иэн Иствуд деген өтө белгилүү хореографтартылат. Андан сырткары Les Twins жана башка өтө белгилүү актерлор тартылышат. Тасманын продюсерлеринин бири — белгилүү ырчы  Джон Ледженд.jan_0585Алардын чакыруусу менен тасманын эки-үч сценасына тартылдым. Ал күтүүсүздөн болуп калды: [Иствуд] мени фестивалдан көрүп калып: «Actually, I got some work for you [Уксаң, менде сага жумуш бар.], анткени сен «Шаг вперед» тасмасына тартылбай калгансың, ошондуктан мен сени ушул тасмага тарткым келип атат» деди.

Анан ошентип ал тасмага эки апта мурун тартылдым. Мага абдан жакты, көп таасир калтырды, баары сонун болду.

Съёмканын жүрүшүндө мага деңгээлинин таптакыр башка экендиги өтө чоң таасир калтырды. Мисалы, Кыргызстанда, Орусияда, Казакстанда тасмаларды кантип тарта тургандыктарын көргөм. А бул съемканын, ага даярдануунун таптакыр башка деңгээли. Съемка жүрүп жаткан аянтчада 300гө жакын киши жүрөт. Сен дайыма вагондо отурасың, анда дайыма желдеткич иштеп турат, сага дайыма суу алып келип, ал-жайыңды сурап, өзүңдү кандай сезип жаткандыгың тууралуу кабар алып турушат, сен ал жактан кете албайсың, тынбай карап турушат, съемка жүрүп жаткан аянтчада артыңдан калбай жүргөн өзүңдүн атайын жеке менеджериң болот.

Мында тасмалардын баары тең башкача тартылат, бул өтө чоң бизнес.

Мен анда жөн гана бийлейм — бүт баары күтүүсүз болду, ал эмес мени таптакыр сынап көрбөстөн эле алышты. Мени жөн гана көрүп калышты да анан чакырышты, анткени сыноо болуп жатканда мен үй-бүлөлүк шарттар менен Бишкекте болчумун.

АКШдагы жашоо тууралуу

Америкада мага баары өтө жеңил.

Менде талант бар деп айта албайм, бирок өтө туруктуулук менен машыгып, бий менен алектенип атам деп айта алам. Мен күн сайын кыймылдарымды, өзүмдү жакшыртууга аракет кылам. Мындан улам америкалык бийчилер менде жаңы бир нерсе, кандайдыр бир стилдин бар экендигин көрүшөт, анткени мен өтө көп машыгууга аракеттенем.

Мында атаандаштык өтө көп, бирок менде эч качан ага байланышкан көйгөй болгон эмес, анткени мен кимдир бирөөнө караганда мыкты болууга аракет кылбайм, өзүм менен өзүм болууга аракеттенем.jan_0587Эгер адамга менин бийлегеним жакса, мени менен иштешкиси келип жатканын сезе турган болсо, анда эч кандай көйгөй жок. Аэгер мен ага туура келбесимди көрүп турса мен аны өзгөртө албайм.

Мен өзүм менен өзүм болууга аракет кылам жана аны тийиштүүдөй кабыл алам. Атаандаштык деген бардык жерде бар.Кайсыл жакта гана жүрбө ал дайыма болот. Ошондуктан мен ага Бишкектегидей эле нормалдуу көз караштамын.

Америкада башка деңгээл экенин жана өзүңдү башкача көрсөтүү керектигин түшүнүү зарыл.

Мисалы, бул жакта адамдар өтө көп: кайсыл бир фестивалга барсаң ага 500 киши катышат. Бирок эгер сен анда өтө киши көп деп баш катыра баштасаң, анда сен эч нерсеге жетишпейсиң. Жөн гана өзүң менен өзүң болуу керек, ошондо баары оңой болот, мен позитивде жашайм.

Байланыштары тууралуу

Мен Лас-Вегаста «Hip Hop International» фестивалында болуп, бийлегем. Ошол жактан мени өтө белгилүү хореограф көрүп калыптыр, Инстаграммда анын 700 000ден ашык жазылуучулары бар, аты Иэн Иствуд.

Ал мени көрүп popping animation стилинде бийлегенди үйрөнгүсү келгендигин жана бир тасманын бир нече сценасына хореографию коюу үчүн бийчи керек экендигин айтып, сунуштады. Мен макул болдум.

Азыр мен Том Хэнкстин уулун үйрөтөм. Анын аты Чед Хэнкс, ал мен жашаган имаратта жашайт, мен ага бий үйрөтөм. Ал рэппержана актер, мен ага хореография коем.

Мен анын атасын көргөнүмдө шок болуп калгам. Мен үчүн, атам-энем үчүн, бүткүл дүйнө үчүн Том Хэнкс — бул легендардуу актерлордун бири деп эсептейм. Мен «Форрест Гамп» тасмасын көрүп, анын ойногонуна аябай таң калгам.

Мен аны өзүм жашаган имаратта көрүп калдым, качан ал Чеддин атасы экенин билгенимде бир нече күн бою ишенбей жүрдүм.jan_0586Лос-Анджелесте кимди болсо да жолуктурууга болот, болгону мында адамдар белгилүү экендиктерин көрсөтүшпөйт. Ал жөн гана МакДональдска келип, сенин жаныңдагы орундукка отуруп тамактанышы мүмкүн, бирок сен анын ким экенин билбейсиң.

Менин оюмча, Америкада адамдардын жашап кетишине алардын байланыштары жардам берет. Эгер сенин чөнтөгүңдө өтө жакшы байланыш бар болсо сен каалаган убакта аны менен байланыша аласың.

Мында, Америкада баары менен сүйлөшүп, бардыгы менен жакшы мамиледе болуу керек деп ойлойм.

Максаттарга жетүү тууралуу

Мен эң башкысы каалоо деп ойлойм жана бир нече жыл мурун ойлордун күчү менен көп нерсени өзгөртүүгө болоорун түшүндүм. Болгону туура ойлонуу керек. Дайыма ошол жөнүндө ойлонуп, эмнени кааласаң ошого гана көңүл коюу керек, ошондо баары келет. Эгер жаман энергетика чыгара турган болсоң, анда сен өзүңө жаман нерсенин баарын тартасың.

Каалаган чыгармачылык үчүн убакыт табууга болот. Мисалы, мен автобуста кетип бара жатканда жанымда дайыма бумбокс же кулакчын бар жана дайыма бийлеп жүрөм. Адамдар мени карап таң калышат.

Мисалы, Бишкекте мени оорулуу деп айтышкан. Мен басып бара жатып бийлейм, а элдер: «Бул эмне оорулуубу? Кулакчын тагынып алып жүрөт да бийлеп атат» дешет.

Бул жакта тескерисинче, адамдар таң калышат, ал эмес кээ бирде мага акча беришет, жөн гана. Бир жолу мен автобуста түрдүү кыймылдарды жасап кетип бара жатсам бир бала: «Вау, сен сонун бийлейт экенсиң», деп мага 20 доллар берген.

Мен эмнени жакшы көрсөм ошону кылам, мүмкүн ошондуктан меники жакшы болуп жаткандыр.

Албетте, менде көйгөйлөр да өтө көп. Бардык жерде. Мисалы, бийде эч нерсе окшошпой калган кара тилкелер болот. Жөн гана аларды жеңип чыгып, дайыма жакшы нерселерди, алдыда эмне боло тургандыгы жөнүндө ойлонуу керек.

Стили тууралуу

Менин стилим popping animation деп аталат. Popping — бул булчуңдарды битте жыйрылтуу. Бул менин негизги стилим. Мен аны өнүктүрүп, жаңы бир нерселерди ойлоп табууга аракет кылам.

Америкада өтө көп кызыктуу адамдарды жолуктурдум, алардын баарынан бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Эгер адам кайсыл бир нерсени жакшы кыла алса, андан үйрөнүп алууга эмнеге болбосун, туурабы?

Мен бүт баарынан үйрөнөм — ал адам жөн гана көчөдө бийлейби же өтө белгилүү бийчиби, айырмасы жок. Эгер ал кайсыл бир кыймылды жакшы аткара алса, мен дайыма анын жанына барып үйрөнөм.

Поппингге кызыгуум Ютубдан башталган. Анан «Let’s Dance» студиясына барып, ал жактан көптөгөн таланттуу бийчилерге жолуктум. Мен өтө шыктанып, токтоосуз бийлеп баштадым, азыркыга чейин токтобостон бийлеп келем.

Кыргызстан тууралуу

Кандай болгон күндө да Кыргызстан — бул менин биринчи өлкөм. Мен ал жакка дайыма барып турам, ошол жакта жашайм, бирок мен карьерамды Америка менен байланыштыргым келет.

Чынын айтсам, эгер бий тармагы болбогондо эбак эле кайра Бишкекке бармакмын. Жөн гана мүмкүнчүлүктөрдөн улам, түшүнөсүңөр да… Мында башка мүмкүнчүлүктөр, башка деңгээл.

Мен өз өлкөмө ушунчалык көнүп калгандыктан, башка өлкөлөргө барганымда эки айдан кийин эле өзүмдү жаман сезип баштайм.

Анткени Бишкекке көнүп каласың — баары жакын сезилет, бардыгын билесиң, баары жайлуу сыяктанат. Кээ бирде башка жакка барсаң — өтө чоң өлкө, метро — анан кайра артка кайтып, Дзержинкада сейилдесем дейсиң.jan_0589Мен келечекте дөңгөлөктүү дүкөн кылгым келет — кандайдыр бир фестиваль же баттл өтүп жатканда чоң дүкөн келип, андан эки сатуучу чыгып, эч кимде жок limited edition [чектелген сериядагы товарларды] нерселерди алып чыгышса кандай жакшы. Адамдар түрдүү фестивалдарда ал буюмдарды сатып ала турган дүкөн.

Мен дүкөндү Кыргызстанда кылсам дейм, фэшн-индустрияга кандайдыр бир өз стилимди кошкум келет.

Мында мен искусство колледжинде саркеч дизайнерликке окугум келет. Көптү таанып, көп үйрөнгүм келет, анткени бул жактан көп нерселерди үйрөнүп, өлкөбүздү жакшы кылуу үчүн анда жок нерселерди алып барууга болот деп ойлойм.

Анткени мен дайыма өлкөбүздө жакшы болуп, бийчилер көп болуп, хип-хоп маданияты өнүккөн болсо дейм.

Кыялдары тууралуу

Чынын айтсам, келечекте 12-13 жаштагы Кыргызстандын таланттуу жаш бийчилерин продюсерлөө оюмда бар.

Жөн гана аларга акча жумшап, иш-чараларга, фестивалдарга алып барып тааныштыруу. Аларды америкалык роликтерге тартышып, ал үчүн алар жакшы гонорарларды алышып, адамдардын Кыргызстанда жакшы бийчилердин көп экендигин билсе дейм.

Мен Кыргызстанда бир эле имараттын ичинде ырчылар, үн жаздыруу студиялары, хип-хоп маданияты бар болгон чоң арт-мектеп ачкым келет. Бул менин кыялым, өтө чоң кыялым.

Эгер менде андай мүмкүнчүлүк болсо Бишкекте арт-мектеп ачып, анда бир күн бою балдарды үйрөтүп, өзүм машыгып ошол жакта жашамакмын. Чет өлкөлөргө чыгып түрдүү иш-чараларга катышмакмын.

Чынында менин кыялым мына ушундай.jan_0588Мисалы, көпчүлүк адамдар укмуш бай болууну кыялданышат. А менин кыялым — жашоомо жетсе, жашоомо эч ким тоскоолдук кылбаса, мен да эч кимдин жашоосуна тоскоолдук кылбасам. Бактылуу болсом, үй-бүлөм да бактылуу болсо дейм.

Шакирттерим көп болсо дейм, балдар командасы менен дүйнөнү кыдырып бийлеп, белгилүү жылдыздар менен сахнага чыга турган мектеп ачкым келет. Муну 100 пайыз ишке ашырса болот, анткени Кыргызстанда таланттуу адамдар көп.

Жөн гана каалоо керек, алдыга умтулуу керек деп ойлойм. Колуңан келеби, келбейби маанилүү эмес — качандыр бир күнү баары бир бир нерсе чыгат.