Видео: Парламент энергетика министрлигине Турдубаевдин талапкерлигин жактырды

Депутаттар көпчүлүк добуш менен Кубанычбек Турдубаевди энергетика министри кызматына бекитишти. Талапкердин соттолгондугу тууралуу билдирүүлөрдөн улам ал үчүн «Ата Мекендин» депутаттары добуш берүүдөн баш тартышты. Министр энергокаатчылыктын фонунда дайындалууда.

Турдубаевдин министр болуп дайындалышы үчүн 72, каршы 19 депутат добуш беришти.

Турдубаевдин талапкерлигине «Ата Мекен» фракциясы каршы болду — фракция лидери Өмүрбек Текебаев жаңы министрдин 2009-жылы электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшүнө тиешеси бар болгондугун билдирди — анда тарифтердин көтөрүлүшү массалык толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген.

Буга чейин энергетика министринин орун басары болуп иштеп келген Турдубаев мурунку башчысы Осмонбек Артыкбаевдин ордун ээледи.

Артыкбаев энергетика министри кызматынан президент Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы кризистүү абал үчүн профилдик мекемени сынга алып, министрликтин башчылыгына «энергетика тармагынан өсүп чыккан менеджердин керектигин» билдиргенден кийин, 11-октябрда кеткен.

Видео: «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов Турдубаевдин дайындалышы тууралуу

Соттолгондук

Турдубаевдин талапкерлиги 16-октябрда каралып жатканда «Ата-Журттун» депутаты Мыктыбек Абдылдаев министрлик кызматка талапкер болуп жаткан адамдын жюла элек соттолгондугу бар экенин билдирген.

«2004-жылы Каракол сотунун чечими менен электр энергия тармагындагы чоң кемчиликтер үчүн бул жигит [Турдубаев] соттолгон. Анда өкмөт кадрды жакшылап карабай туруп, кантип киргизип жатат?» —деп жазган «Азаттык» радиосу Абдылдаевдин айткандарын.

Өз кезегинде Турдубаев соттолгондугу тууралуу фактысын мойнуна алып, анын талапкерлиги парламентке сунушталардын алдында президент Атамбаевге «ушундай көйгөйдүн бар экенин» айткандыгын кошумчалады.

«Ата Мекен» фракциясы Турдубаевдин соттолгондугу тууралуу факты аныкталгандан кийин анын энергетика министри болуп дайындалышына каршы чыккан.

«Учурда министрлик кызматка талапкер соттолгондугун жана президент ага талапкерлигин коюуга уруксат бергендигин жашырбай эле айтып жатат. Бирок мен президентке да, кыргыз элине да, урматтуу депутаттарга да: андай кылууга болбойт!, деп айткым келүүдө» — деп билдирди «атамекенчилердин» лидери Өмүрбек Текебаев.

Анда депутаттар Турдубаевдин талапкерлигин кароону бир аптага жылдырышкан, а КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков соттолгон адамдын министрлик кызматка тандалышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү сунуштаган.

Энергетикалык каатчылык

Жаңы энергетика жана өнөр жай министри Токтогул ГЭСинин суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам келип чыккан энергетикалык каатчылыктын фонунда дайындалууда.

Станция электр энергиясын сууну сыртка чыгаруу менен иштеп чыгат. Энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, андагы суунун көлөмү жыл сайын Кыргызстандын жылуулук берүү сезонуна болгон даярдыгын аныктайт. Бийликтин акыркы маалыматы боюнча, учурда Токтогул ГЭСинде суунун нормасынын 75 пайызга чукулу бар.

Кубанычбек Турдубаев депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда күзгү-кышкы мезгилде күтүлүп жаткан электрди маал-маалы менен өчүрүүлөрдүн боло тургандыгы тууралуу бир нече жолу билдирди. Бир апта мурун Кыргызстан Казакстандан 1 млрд. киловатт/саат электр энергиясын сатып ала тургандыгы белгилүү болду, өкмөт бул көйгөйдү жарым-жартылай чечээрин убадалоодо.

Энергетикалык каатчылык өлкөнүн түштүгүндөгү газ каатчылыгынан улам да оорлоп жатат. Кыргызстандын түштүгүндө 60 миң абонент үстүбүздөгү жылдын апрелинен бери көгүлтүр отунсуз жашап келет.

Буга чейин эксперттер 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезонунда Кыргызстанда суткасына 4 саттан 8 саатка чейин электр жарыгын өчүрүүлөр күтүлүп жаткандыгын билдиришкен. Бирок Артыкбаев өчүрүүлөр болбой тургандыгын жана өкмөт бардык тиешелүү чараларды көрүп жаткандыгын айткан.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев августтун ортосунда кыргызстандыктарды көмүр камдап алууга чакырган — анын айтымында, кышында электр энергиясы «ашкере байлыкка» айланат.

Өкмөт өлкөнүн ар бир облусунда көмүр сатуу жайларын уюштуруп, сауна, ресторан, курулуш объектилери жана унаа жуучу жайлардын электр энергиясы менен жылытуу системалары өчүрүлө тургандыгын убадалаган.