Голливуд жылдызы Шэрон Стоун 4-ноябрдагы маегинде «Курманжан Датка» кыргыз тасмасы «Оскар» сыйлыгына номинант болуу үчүн чоң потенциалга ээ экенин билдирди.

Легендарлуу америкалык актриса Шэрон Стоун MaximoTV басылмасына берген маегинде кыргыз тасмасы ага кандай таасир калтыргандыгы тууралуу айтып, «Курманжан Датка» «Оскар» сыйлыгы үчүн ат салыша ала тургандыгын билдирген.

Шэрон Стоундун MaximoTV каналына берген маегинин котормосу:

MaximoTV: Тасма Оскар үчүн ат салыша алабы, сиз кандай ойдосуз?

Шэрон Стоун: Бул тасманын потенциалы өтө жогору. Ал сонун. Бул терең маанилүү тарыхый тасма, чындыкка жакын тарых. Өтө жакшы жасалган тасма. Укмуш.

MaximoTV: Тасманын АКШда көрсөтүлүшүнө кантип кошулуп калдыңыз?

Ш.С.: Ал тасманы мага жөнөтүштү. Анан мен: 3 сааттык субтитрлери менен тасма — бул тууралуу мен кандай ойдомун?, деп ойлодум. Тасма мени өзүнө тартты — мен анын ар бир мүнөтүнө байландым. Мен анын кооздугуна аябай таң калдым. Биз аны эң жакын досторумдун бири экөөбүз көрдүк да, дароо эле анын баарын — көрүнүштөрдү, костюмдарды, маанисин сүйүп калдык — бардыгы сонун болду, мен мындан жакшыны сунуштай албайм.

MaximoTV: Бул тасманы мен сыяктуу жаш аудиторияга, мисалы 20 жаштагы өспүрүмдөргө көрүүнү сунуштайт белеңиз?

Ш.С.: Албетте! Бул шыктандырып, дем бере турган тасма. Ал визуалдык жактан укмуштуудай көркөм — түстөр, костюмдар, айлана-чөйрө. Ал эң сонун.

Биз жакын досум экөөбүз отурганбыз — ал жарнама агенттигинин ээси. Ал тасманы көрүп жатып: «О Кудай, бул тасма мага канчалаган идеяларды берүүдө!», деди.