Бишкек милициясы букмекер кеңселерине бир нече жолу куралдуу кол салууга шектелгендерди колго түшүрдү, деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы.

Милиция кол салуунун бардыгы тең бир топтун адамдары тарабынан, тапанча колдонуу менен жасалгандыгын билдирди — жалпысынан Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунун аймагындагы букмекер кеңселерине 7  жолу кол салуу болгон.

ШИИБинин маалыматы боюнча, кылмыштардын бардыгы тең үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрь айларында болгон — жети кол салуу фактысынын бешөөсү видео-көзөмөл камераларына тартылып алынган.

Милиция видеоматериалдардын анализдеринин жыйынтыктары боюнча кол салууга бир нече кишиден турган бир гана топтун тиешеси бар экенин аныктаган.

10-ноябрдагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция шектүүлөрдүн экөөсүн колго түшүргөн. Жалпысынан кол салгандар тарабынан 429 миң сомдук зыян келтирилген.