17-ноябрда Кыргызстандын Орусияга багыт алып өнүгүүсүн жактагандар миллиардер Джордж Соростун Кыргызстанга келишине каршы митинг өткөрүштү. Ишкер өз корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн ишин текшерүү үчүн Бишкекке бүгүн келди.

Орусиянын жактоочуларынын митинги 17-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдында өттү — анын катышуучулары колдоруна Соростун келишине каршы экендиктери жазылган транспаранттарды кармап алышкан.

«Джордж Сорос, сизди Кыргызстанда жакшы көрүшпөйт, анткени бизге кан төгүүлөрдү, улуттар аралык кастыкты жана кыйроолорду алып келесиз. Биз андайды каалабайбыз. Джордж Сорос, Кыргызстандан чыгып кет», — деп билдирди акциянын уюштуруучуларынын бири.

Ошондой эле акциянын катышуучулары Кыргызстандын Орусия, Казакстан жана Беларустан турган Бажы биримдигине киришин колдой тургандыктарын билдиришип, АКШны «Украинадагы согушту токтотууга» чакырышты.

«Сорос — Кыргызстан» коомдук корунун коомчулук менен байланыш боюнча координатору Тынымгүл Эшиева Kloop.kgге берген маегинде алардын ишмердүүлүгүнүн акциянын катышуучулары билдирип жаткандай абалды курчутууга же революцияларга эч кандай байланышы жок экенин билдирди.

«Бул алардын пикири. Биздин ишмердүүлүктүн эч кандай революцияларга же саясий окуяларга тиешеси жок. Кор жарандык секторду жана жарандык коомчулуктун өнүгүшүн колдоо менен гана алектенет», — деди ал.

Эшиеванын айтымында, кордун иши адам укуктарын коргоо, жаштарды социалдык өзгөрүүлөргө тартуу, коомдук саламаттыкты сактоо жана маалымат эркиндигине багытталган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «нааразычылыктын тынчтык мүнөзүн сыйлай тургандыктары» жөнүндөгү кыска билдирүү менен Орусиянын жактоочуларынын митингине карата өз реакциясын билдирди.

«Ал (Сорос) жана анын «Ачык коомдун кору» уюму көп жылдардан бери көптөгөн өлкөлөрдө демократия менен экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Биз анын келишин жана Кыргызстанга кызыккандыгын баалайбыз. Ошондой эле биз нааразычылык акциясынын Кыргызстандын демократиялык ачыктуулугун көрсөткөн тынчтык мүнөзүн сыйлайбыз», — деп билдирди элчиликтин коомчулук менен байланыш бөлүмү.

Кыргызстанга Сорос Евразия аймагына болгон сапарынын алкагында келүүдө — Бишкекте анын Борбор Азиядагы Америка университетинин кампусунун курулушун көзөмөлдөө жана студенттер менен жолугушуу ниети бар.