Кыргызстандын бийлиги террористтик деп эсептеген «Ислам мамлекети» уюму машыгуу лагерлеринде Казакстандан барган жаш балдардын курал колдонууга үйрөнүп, араб тилин окуп жаткандыктары тартылган видеосун жарыялады.

Видеонун «ДэйлиМэйл» сайтынан алынган кыскартылган варианты:

15 мүнөткө созулган видео 22-ноябрда «Ислам мамлекетинин» медиа-борбору, «Аль-Хаят» компаниясы тарабынан жарыяланган. Ал англис, орус жана араб тилдериндеги субтитрлер менен коштолгон.

Видеонун көпчүлүк бөлүгүндө 8-10 жаштагы балдар «Ислам мамлекетинин» медресесинде араб тилин окуп, уюмдун машыгуу лагеринде курал колдонуу ыкмаларын үйрөнүп жаткандыктары көрсөтүгөн.

«Жарык жүздүү бул бир туугандар силер көрүп жаткандай учурда медреседе. Алар «Ислам мамлекетинде», Халифатта жашашат. Аллахтын жардамы менен биз чет элдик бир туугандарга араб тилин үйрөтүп жатабыз», — деп билдирген видеодо окутуучулардын бири.

2361C8E000000578-0-image-9_1416681084443

Араб тилин үйрөтүү кадрларынан соң кичинекей баланын Калашников автоматын чогултуусу менен башталган балдардын аскердик даярдыктары көрсөтүлгөн.

Кадр сыртындагы үн балдар — «жерди дүңгүрөтүп, Исламды бүткүл дүйнөгө жайылта турган келечек муун» экенин айтат.

2361C8E400000578-0-image-10_1416681130823

Видео келечекте «капырларды өлтүрүп», «жигадчы» боло тургандыгын айткан баланын маеги менен аяктаган.

«Бул машыгуучу лагерде биз ыйык Куранды, араб тилин, таджвид (Куран окуу эрежелери) жана фикх (мусулман укугу) окуп атабыз. мунун бардыгын биз Алланын ыраазычылыгы үчүн окуп үйрөнүп жатабыз. Азыркы тапта биз лагерде машыгып атабыз. Биз силердей капырларды өлтүрөбүз», — дейт кичинекей бала казак тилинде көрүүчүлөргө кайрылып.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) акыркы маалыматтары боюнча, «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрүнүн арасында 300гө чукул казакстандык согуштук  аракеттерге катышып жүрүшөт, алардын жарымы — аялдар.

2361C8F000000578-0-image-13_1416681841957

«Ислам мамлекетине» байланышкан терс факторлордун алдын алуу иштери боюнча айтсак, биздин жарандарды Сирия менен Ирактын «Ислам мамлекети» басып алган райондоруна киргизбөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө», — деп жазган «ТенгриНьюз» агенттиги УККнын башчысы Нуртай Абыкаевдин айткандарын.

«Ислам мамлекети» — Ирак менен Сириянын аймагында Халифат куруу боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп келген уюм. «Ислам мамлекети» АКШ, Австралия, Канада, Улуу Британия, Индонезия жана бир нече араб өлкөлөрүндө террористтик уюм деп табылган.

Алгач «Аль-Каида» жана башка 11 уюмдан түзүлгөн Ислам мамлекети 2014-жылдын башынан тарта жигердүү аракеттерди көрүп баштаган — 2014-жылдын октябрындагы маалыматтар боюнча, «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин колунан 10 миңге жакын киши курман болгон.

2361C8F900000578-0-image-3_1416677930848

Кыргызстандын бийлигинин маалыматы боюнча, учурда Сирияда «Ислам мамлекети» тарапта 150гө чукул кыргызстандык согуштук аракеттерге катышып жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сирияда согушуп жүргөн мекендештер кайрадан Кыргызстанга келишип, экстремисттик ишмердүүлүктөрдү баштоолору мүмкүн деп кооптонууда.