3-декабрь күнү эртең менен Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мазда» менен «Тойота Камри» сүзүштү.

3-декабрь күнү эртең менен Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Мазда» менен «Тойота Камри» сүзүштү.

Тыныстанов көчөсү аркылуу жол чырактын жашыл түсү күйүп-өчүп жаткан маалда өтүп бара жаткан «Мазда» токтоого үлгүрбөй, Киев көчөсү менен болжолдуу түрдө жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп бара жаткан «Тойота Камри» менен сүзүшкөн.

ШампанВинКомбинаттын жанындагы жол кырсыгы

1-декабрь күнүн эртең менен «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа Тынчтык проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишиндеги тосмого барып сүзүлгөн.

Видеонун автору, «Дизель» форумунун Black-D аттуу колдонуучусунун айтымында, унаанын ичинде ооздорунан «ичимдик жыттанган» төрт бала болгон.

«Айдоочу анча деле оор жаракат алган эмес, кур тагынган болуп, коопсуздук жаздыгы иштеген окшойт. А жүргүнчүлөрү бир топ эле жаракат алышкан. Бактыга жараша алардын жанынан тез жардам кызматы өтүп бара жаткан», — деп жазган колдонуучу.

Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыра Бекмырзаева Kloop.kgге берген маегинде айдоочуга карата химиялык экспертиза белгиленгендигин билдирди.

«1989-жылы туулган О.А. аттуу айдоочу мамлекеттик номуру жок унаа менен Тынчтык проспектиси аркылуу түндүктү көздөй бара жатып тосмого сүзүлгөн. Жыйынтыгында айдоочу менен жүргүнчүлөрү алган жаракаттары менен ооруканага жаткырылышты», — деди Бекмырзаева.