Лос-Анжелестик Энтони Д’Авирро Kloop.kgнин кабарчыларына кыргыздын «Сары-Ой» ырын аткарып берди. Д’Авирронун өзү Кыргызстанды аралап бир жыл бою саякаттап, ал убакыттын ичинде кыргыз элдик музыкалык аспаптарында ойноону үйрөнгөн.

Энтони Д’Aвирро — Берклинин бүтүрүүчүсү, яхтачы, крым-татар тилдерине адистешкен филолог. Бир жолу ал Кыргызстандагы досторуна сыра сатып берип, колледжге деген акчасын жок кылып койгон.

Азыр ал Түркмөнстанга кайт-сэлинг экспедициясын уюштуруу тууралуу кыялданууда. Бул кыялын ишке ашырууга акча иштеп табуу үчүн ал «Фэйсбукка» жумушка орношкон.

Андан сырткары Энтони кыргыз ырларын Кыргызстандын калкынын 99 пайызынан жакшы аткара билет.

Энтони Д’Авирронун толук маеги жана анын Орто Азиядагы укмуштуудай окуялары жакында Kloop.kg сайтына чыгат.