«Сен эмнеге сойкулук менен алектенесиң?»

«Суранам, андай кылбагылачы….Менин эки жаштагы балам бар….Куран менен ант берем, мен бул жумушту таштайм. Эгер мени бул жерден дагы бир жолу көрсөңөр өлтүрүп салгыла».

Видеолордун биринде орто жаштагы аял камерадан жүзүн жашырууга аракет кылып, секс-жумушчусу экенин мойнуна алууда. Ал камерага тартып жаткан эркектен жазалабоосун өтүнүүдө. Кадр сыртындагы эркек Орусияда «тажик улутун кемсинткендиктери» үчүн ал аял менен жанындагы курбусуна кыжырданып, аларды чачтарын алып, видеону социалдык түйүндөргө тарката тургандыгын айтып коркутууда.

Нуп нускасы GlobalVoices блогуна жарыяланган. Автору: Абдулфаттох Шафиев. Которгон: Малика Баязова.

Анонимдүүлүк тууралуу жалынгандыктарына карабастан аялдарды беттерин ачууга мажбур кылышты. Алар чачтарын алышын күтүп, тизелеп отурушат. Үрөйдү учурган бул көрүнүш орусиялык «Одноклассники» социалдык түйүнү менен YouTube сервисинде тажиктердин арасында популярдуу.

Жакында сойкулукка жана «улуту менен динин уят кылууга» айыпталган борбордук азиялык аялдар тартылган видеолордун сериясы анонимдүү колдонуучулар тарабынан интернетке жүктөлгөн. Социалдык түйүндүн модераторлору өчүргөн ал видео кайрадан башка колдонуучулар тарабынан калыбына келтирилген.

Дүйнө жүзү «Ислам мамлекетинде» аялдардын кулчулукка айланып жатышы тууралуу айтып жаткан чакта, Борбордук Азиянын интернет колдонуучулары сойкулукка айыпталган борбордук азиялык аялдардын ырайымсыздык менен жазаланышы көрсөтүлгөн видеону жигердүү талкуулап жатышат.

Орусиядагы тажик жана кыргыз мигрант аялдардын кемсинтүүлөргө кабылып жатышы тартылган видеолор — аймактын башка өлкөлөрүнөн барган мигранттар коомчулугуна таасирин тийгизчү феномендин, тенденциянын таралышы. Ноябрь айында YouTube сервисинде колдору аркаларына байланып, бири-бирине капталдарын салып отурган Өзбекстандагы эки жаш аял тартылган видео пайда болгон. Ал видеодо эркек аларды таяк менен уруп, «сойкулар» деп атагандыгы көрсөтүлгөн.

Окуя башка адамдардын көзүнчө тартылган, алардын арасында бир аял жана өспүрүмдөр бар болгон. Түп нускасынын YouTube сервисинен өчүрүлгөндүгүнө карабастан, видео «Радио Свобода» каналынын сайтында жеткиликтүү.

Ал ортодо мекендештери тарабынан Орусияда кемсилтилген тажик аялдарынын катышуусундагы буга чейин пайда болгон видеолор «Одноклассникинин» тажик колдонуучуларынын арасында кайрадан популярдуулукка ээ болуп баштады.

Бөлүшүлгөн видеонун төмөн жагына 5,200дөн ашык колдонуучу пикирлерин калтырышкан. Теманын сезгичтигине байланыштуу Global Voices пикир калтырган колдонуучулардын аты-жөндөрүн ачык жазбай эле коюуну туура көргөн.

Пикир калтыргандардын аз гана бөлүгү абийирсиздик үчүн жазалагандарды айыпташкан, а калгандары, эркектер дагы, аялдар дагы — кыйноочуларды колдошкон.

М. аттуу аял колдонуучу видеодогу ал аялдарды «абийири жок сойкулар» деп атаган. Башкасы «…мусулман аялдардын бардыгы тең туура эмес жолдон алыс болуп, туура жолго түшүү менен хиджаб кийүүгө татыктуу болушсун», деп деп пикир калтырган. С. аттуу дагы бир аял курмандыкка кабылган аялдардын үй-бүлөлөрүн айыптаган: «Эгер үй-бүлө жакшы болсо, балдар да тарбиялуу, жакшы адамдар болушат».

Эркектердин калтырган пикирлери ырайымсыздыгы менен айырмаланат. Т: «Алардын чачтарын алып, ошол бойдон көчөгө кубалап чыгуу керек», деп жазган. Анын бул пикирин Р. колдогон. И. деген башка колдонуучу: «Аллах мындай туура иш кылган тажик эркектеринин санын көбөйтсүн», деп жазаны ишке ашырган эркектерди мактоого алган.

Х. жазалоонун радикалдуураак түрүн сунуштаган: «… Ооганстанда алар асылышмак же ит аткандай атылышмак».  Д. жана Б. баш болгон кээ бирлери аялдардын тирүүлөй өрттөлүшүн жакташкан. Б: «Биз, тажиктер, боорукербиз. Башка улут болгондо аларды атып салышмак», деп билдирген.

Пикирин билдиргендердин азчылыгы кемсинтүүлөргө дуушар болгон аялдарды жакташкан. Алардын өзүн «Мен Аллахтан гана корком» деп атагандарынын бири: «…андан көрөк аларга $100 берип, үйлөрүнө жөнөтүп жибергиле…», деп жазган. Дж. видеону тарткандарды жана алардын тарапташтарын: «… эгер ал аялдар силерге келип 1, 000 сомони [$200] сурашса, аларга силердин эч кимиңер жардам бермек эмессиңер. Аларга баа берүүгө силерге ким укук берди? Мусулмандарга Кудай гана калыс», деп айыптаган. А: «Алар тажик элин уят кылып жатат деп айтып атасыңарбы? Алар кылган иштери үчүн өкүнүп жатышат. Ал видеону баарына көрсөтүп, тажиктерди силер уят кылып жатасыңар», деп кошумчалаган ал.