Кыргызстан 2015-жылдын май айынынын башында Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктердин толук кандуу мүчөсү болуп калат, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев. Ал 23-декабрда өлкөнүн аталган биримдиктерге кошулуусу боюнча келишимге кол койду.

Президент Алмазбек Атамбаев Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кошулуу тууралуу келишимге 23-декабрь күнү Москвада, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө кол койгон.

Атамбаев: Кыргызстан 2015-жылдын майында Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болот

10885457_821960511183960_2684346248579187399_n

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш — евразиялык интеграциянын жогорку органы. Орусия, Казакстан жана Белоруссиянын Бажы биримдигинин базасында негизделген Евразиялык экономикалык биримдик 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт.

Тема боюнча: Хроника: Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу келишимге кол коюу

10525596_821960667850611_4037469452972793781_n

Бажы биримдигине мүчө үч өлкөдөн сырткары евразиялык интеграцияга Армения да кирет.

10628455_821960147850663_3448973760369707987_n1

Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдын май айынын башталышына карата кирет.

10403143_821960427850635_3482442314408025018_n

«Кыргызстан кийинки жылдын 9-майына, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин мааракесине карата Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болот деген үмүттөмүн. […] Мен 1-майга чейин Кыргызстандын алдына коюлган бардык маселелерди аткарып, сөзүбүзгө турабыз деп ойлойм. Жумуштардын бардыгын аткарабыз», — деп билдирди Атамбаев.

10676222_821960804517264_563043968411974223_n

Кыргызстандын президенти кол коюлган келишимде өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин көрсөткүчтөрү аныкталгандыгын белгиледи.

1465176_821960534517291_1815327845668523189_n

«Кол коюлган келишимде Кыргызстандын кошулуусунун [Бажы биримдигине] көрсөткүчтөрү ачык жана адилеттүү аныкталган, үлүштүк бөлүктөрүн бөлүштүрүү, Бирдиктүү бажы тарифтери, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бажы тарифтерин пайдалануу жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн жоюу даталары аныкталган», — деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.

10703902_821960794517265_3861510971143082982_n

Экономика министри Темир Сариев билдиргендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин жетекчилигинен Кыргызстанга үч орун бөлүп беришкен.

988960_821960814517263_6027226352421080240_n

Ал өлкө Бажы биримдигинин бардык кирешелеринин 1,9 пайызын ала тургандыгын кошумчалады. Казакстандын Бажы биримдигиндеги үлүшү — 7 пайыз, Белоруссияныкы — 4,7 пайыз, Арменияныкы — 1,3 пайыз.

Сариев Орусиянын үлүшүнүн көлөмү тууралуу айткан жок.

Сүрөт: Султан Досалиев.