28-декабрда «Кыргыз чоролор» коомдук бирикмесинин активисттери Бишкектин түндүгүндөгү караоке-барлардын бирин өз алдынча текшерүүгө алышкан. Алардын шектенүүлөрүнө ылайык, ал жакта көмүскө «сойкукана» уюштурулган. Kloop.kgнин редакциясына тийген видеодо «рейддин» жүрүшүндө алар караоке-бардын кардарларына карата зомбулук көрсөткөндүктөрү тартылган.

Рейддин эртеси интернетте пайда болгон видео-роликте зомбулук сценалары көрсөтүлгөн эмес — анда болгону «Кыргыз чоролорунун» активисттери караоке-бардан чыгып келе жаткан кытай мигранттары менен кыргызстандык кыздарды коштоп чыгып жаткандыктары гана көрсөтүлгөн.

Бирок Kloop.kgнин редакциясынын колуна тийген видеого ылайык, «Кыргыз чоролору» мигранттар менен алар тараптан «сойкулукка» айыпталган кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн.

Видеодо бир нече активисттердин дубалга катар тизилген кыздарды одоно түркүлөп жаткандыктары байкалып турат.

Ал кадрларда ошондой эле бир канча мигранттын күч менен клубдун бөлмөсүнөн чыгарылгандыгы жана кытайлыктардын бирин активисттер көтөрүп алып чыгып жаткандыктары көрсөтүлгөн.

Милиция келгенге чейин активисттер мигранттарды клубдун далисине тизип, болуп жаткан окуяны камераларга тартуу менен импровизацияланган сурак жүргүзүшкөн.

Өз аракеттерин «Кыргыз чоролору» «кыздардын абийири» жана «кыргыздын баалуулуктары» үчүн күрөшүп жаткандыктары менен түшүндүрүшкөн.

«Эң башкысы — бул биздин кыздар, бул кыргыздын баалуулуктары. Биздин ата-бабалар кыздарды абдан коргоп келишкен. Эгер алар бүгүн ушундай иштерди кылып жатышса, келечекте тукумубуз эмне болот?» — деп билдирген активисттердин бири Kloop.kgнин колуна тийген видеодо.

«Кыргыз чоролорунун» билдирүүсүнө ылайык, аларда Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен биргеликте аракет этүү боюнча меморандумдары бар.

Бирок укук коргоо органдары менен кызматташууларына карабастан «Кыргыз чоролорунун» беш активистине карата бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпар Исакбаева Kloop.kgнин кабарчыларына «Кыргыз чоролору» менен болгон меморандумун көрсөттү. Ага ылайык, коомдук бирикме укук коргоо органдарына Кыргызстандын мигранттарынын укуктарынын корголушуна гана жардам беришет.