«Хонда Элизион» жана «Хонда Фит» автоунааларынын айдоочулары Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинде жол бөлүшө албай мушташып кетишкен. Ал учур тартылган видео интернетте 3-январь күнү пайда болгон.

Drive2.kg сайтына жарыяланган видеодо Тынчтык проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун унаалар өтчү бөлүгүндө «Хонда Элизион» жана «Хонда Фиттин» айдоочуларынын ортосундагы мушташ тартылган.

Видеонун башында «Хонда Элизион» карама-каршы тилке менен баратып «Хонда Фиттин» жолун тосуп алган. Анан айдоочулардын ортосунда өз ара кыска маек болгон.

Андан соң «Хонда Элизиондун» айдоочусу өз унаасына кайтып келип, кетүүгө камынат. Ошол маалда «Хонда Фиттин» айдоочусу анын жанына келет да мушташ башталат.

Тилекке каршы, Kloop.kg видеонун автору Виктор Хардыкин менен байланыша алган жок.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Жол коопсуздук кыймылы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.