От мешин туура эмес колдонуудан улам 7-январь күнү күндүз Ынтымак жаңы конушундагы жеке турак үйдө өрт чыккан. Андан соң өрт коңшу жайгашкан үйгө өткөн. Жаракат алгандар жок.

Бишкектин түштүгүндөгү Ынтымак жаңы конушунун Каракоо көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдө 7-январь күнү күндүз өрт чыккан.

Алгач үйдүн чатыры күйүп, өрт имараттын экинчи кабатына көтөрүлгөн, андан соң коңшу жайгашкан үйдүн чатырына өткөн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт коопсуздук агенттиги башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетов Kloop.kgге берген маегинде өрттүн чыгышына от мештерин колдонуудагы эреже бузуулар себеп болгондугун айтты.

«Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүү унаасы катышты. Өрт бир сааттын ичинде толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн чыгуусунун болжолдуу себеби — от мештерин колдонууда эрежелердин бузулгандыгы. Учурда чыгашалары такталууда. Жаракат алгандар жок», — деди Ташмамбетов.