Финляндиянын жаштар курамасы Кыргызстандын командасына каршы чейрек финалдык беттеште 1:0 эсебинде жеңишке жетип, Шериктештик кубогунун жарым финалына өттү.

Беттеште жалгыз голду финн курамасынын чабуулчусу Юнес Рахими киргизди. 78-мүнөттө ал бир канча жолку ийгиликтүү берүүлөрдөн кийин кыргыз айып аянтчасынан алыс эмес жерден топко ээ болуп, дарбазанын алыскы төмөнкү бурчуна катуу сокку узатты.

Оюндун жүрүшүндө кыргыз курамасынын оюнчулары топко көбүрөөк ээлик кылышып, капталдан башталган чабуулдары менен топту айып аянтчасына көп жолу жеткиришти, бирок финн командасынын дарбазасына гол киргизе алышкан жок.

Кыргыз курамасы алгачкы кооптуу учурун 6-мүнөттө жарата алды, айып соккусунан кийин Тамерлан Козубаев Финляндия курамасынын дарбазасын көздөй катуу сокку узатты, бирок топ дарбазадан бийик көтөрүлүп кетти.

Биринчи жарым бөлүккө кошулган убакыттын экинчи мүнөтүндө жарым коргоочу Ахлидин Исраилов финн курамасынын айып аянтчасынан алыс эмес жерде топко ээ болду, бирок чалынып кетип чабуулду аягына чыгара албай калды.

68-мүнөттө кыргыз командасынын дарбазачысы Андрей Шикин дарбазадан кыйла алдыга чыгып кетип, финн жарым коргоочусунун алыстан узаткан тобун өткөрүп жибере жаздады.

Финндердин киргизген тобунан кийин Кыргызстан дээрлик толук курамы менен атаандаштын жарым талаасына өттү. Бирок атаандашынын дарбазасын кысымга алуу Мирлан Эшеновдун тарбиялануучуларына жардам берген жок.

Беттештин жыйынтыгы боюнча, Финляндия Шериктештик кубогунун жарым финалына өттү. Анда команда Тажикстан-Түркмөнстан беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

Ал эми борбордук азия өлкөлөрүнүн ортосундагы чейрек финалдык беттеште жеңилүү ызаасын тарткан команда  мелдештин көңүл жубатуучу баскычында бешинчи орун үчүн Кыргызстан менен беттешет.

Биринчи жолу чейрек финалда

Кыргызстан курамасы быйыл тарыхта биринчи жолу 21 жашка чейинки оюнчулардан турган жаштар курамаларынын ортосунда өткөрүлчү Шериктештик кубонунун чейрек финалына өттү.

Мелдеш мурунку СССР өлкөлөрүнүн командалары жана постсоветтик аймакка кирбеген дагы эки өлкөнүн командаларынын катышуусунда өткөрүлөт.

Кыргызстан 19-январда топтук беттештердин акыркысында Орусия курамасын утуп, Шериктештик кубогунун чейрек финалына өз тобунда биринчи орунда чыккан.

2015-жылы мелдешке 12 өлкөнүн жаштар курамасы катышып жатат. Шериктештик кубогунун учурдагы чемпиону Украина болсо Орусияда өтүп жаткан мелдешке катышуудан быйыл баш тарткан.

Ошондой эле быйылкы мелдешке Азербайжан, Армения, Грузия жана Өзбекстан курамалары да катышпай эле.

2011-жылга чейин мелдеш улуттук чемпионаттардын жеңүүчүлөрүнүн ортосунда өтүп келген.