Социалдык блок боюнча вице-премьер Дамира Ниязалиева балдары зордукталган «шалакы ата-энелер» үчүн жаза киргизүүнү сунуштады. Ал педофилия үчүн жазалоо маселесин «комплекстүү» кароого чакырды.

Жаш балдарды зордуктагандарга карата жазаны катаалдатуу боюнча талкуу 20-январда, КТРКнын «Ой Ордо» берүүсүнүн эфиринде талкууланды. Анда вице-премьер Дамира Ниязалиева, депутаттар Данияр Тербишалиев менен Турсунбай Бакир уулу жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

Ниязалиева жаш балдардын зомбулуктарга кабалып жатышы көйгөйүн «комплекстүү» кароо керектигин билдирди. Анын айтымында, учурдагы мыйзамда «балдарына шалакы мамиле кылгандыгы» үчүн ата-энелерге карата тиешелүү чаралар каралган эмес.

«Кийинекей баласына көз салбагандыгы үчүн ата-энелер кандай жаза менен жазаланышы керек? Мен карап чыгып, алар үчүн эч кандай жазанын жоктугун түшүндүм. Болгону — 300 сомдон 500 сомго чейин айып пул төлөтүү жазасын гана таба алдым. Балким ата-энелер үчүн да жазаларды катаалдатуу керектир, алар да өз балдарды үчүн жоопкерчиликтүү болуулары керек», — деп билдирди ал.

Вице-премьер дары-дармектердин ийне саюуларын ар бир төрт ай сайын текшерип туруу керектигин айтып, химиялык бычуу «кымбат жана оор» боло тургандыгын белгиледи.

«Эгер ал (педофил) түрмөдө отурса ал (ийне саюу) мүмкүн, а эгер отурбаса аны кайсыл бир жерден кармоо керек. Ага көп акча керек, анткени ар бир ийне саюу 400 доллар болот», — деп билдирди Ниязалиева.

Анын айтымында, химиялык бычуу «натыйжасыз» болуп калышы мүмкүн, а Конституцияга ылайык, педофилдерди өлүм жазасына буюрууга болбойт.

КСДП фракциясынан депутат Данияр Тербишалиев педофилдерге карата химиялык гана эмес, физикалык да бычуу жазасын сунуштады — анын айтымында, химиялык бычуунун кесепеттерин токтото ала турган дарылар бар.

«Эмнеге салык төлөөчүлөр педофилдерди, биздин жаш балдарыбызды зордуктагандарды багышы керек деген суроо туулат? Ал адамды багуу үчүн эмнеге ири каражат коротушубуз керек?» — деп суроо салды депутат.

Депутат Турсунбай Бакир уулу «биздин ачык коомубузга караганда түрмөдө тартиптер катаалыраак, адилеттүүрөөк» экенин жана «химиялык бычуу педофилия көйгөйүн азайтарын», а «өлүм жазасы аны биротоло чече» тургандыгын билдирди.

«Мына, талкуу жүрүп жатат деп кесиптешим туура айтты. Мен социалдык түйүндөрдөгү, маалымат каражаттарындагы талкууларды карап чыктым, анда көпчүлүгү өлүм жазасына тартуу, болгондо да аны эл алдында жазалоо керек деген пикирлерин билдирип жатышат! Ал (химиялык бычуу) көйгөйдү азайтат, а бирок өлүм жазасы көйгөйдү биротоло чечет», — деп билдирди Бакир уулу.

«Бычуу менен өлүм жазасы — көйгөйдүү чечүүнүн жолу эмес»

Психолог Перизат Асылбаева педофилдер үчүн мүмкүн болгон жалгыз жаза — бул өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы деп эсептейт. Ал эгер зордукчулдар эркиндикке чыга турган болушса, өкүмсүз жазалоо учурлары көбөйүшү мүмкүн деп кооптонот.

«Мында химиялык бычуу дагы, физикалык бычуу дагы — көйгөйдү чечүүнүн жолу эмес. Анткени эгер биз зордукчулдун сексуалдык ынтызарлыгын гормондордун деңгээлинде токтотуп койсок дагы, анын фантазиясын, элестөөлөрүн, кыялдарын кантип токтотобуз? Тактап айтканда, элестетип көрсөңөр, эгер маңзатына көз каранды болгон адамдын колдорун кесип салсак, ал өз көз карандуулугун канааттандыруунун башка жолун табат да», — деди ал.

Асылбаеванын айтымында, өлүм жазасы да — көйгөйдү чече турган жол эмес.

«Чикатилонун күнөөсү далилденгенге чейин анын кылмыштары үчүн көптөгөн күнөөсүз адамдардын атылып кеткендиги көпчүлүгүбүздүн эсибизде. Андай каталар үчүн ким жоопкерчиликтүү болот? Жоопкерчиликти ким алат?» — деп суроо салды психолог.

Эки жаштагы балага карата жасалган зомбулук

Бул теманын «Ой Ордодо» талкууланышына 2 жаштагы наристенин сабалып жана зордукталгандыгы себеп болгон. Тергөөнүн болжолдуу маалыматтары боюнча, балага карата анын аталаш тууганы менен аялы зомбулук көрсөтүшкөн.

Бала Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасына 11-январда, көптөгөн сыйрылган, көгөргөн жерлери, баш сөөгүндөгү жаракаттары жана сексуалдык зомбулук белгилери менен жеткирилген.

Баланын эки тууганы тең 16-январда тергөө абагына камакка алынышкан, алар наристени сабагандыктарын мойундарына алышты, бирок зордуктоо фактысын четке кагып жатышат — айтымдарында, алар «балага клизма кылышкан».

3-балдар ооруканасынын Нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Миңбай Жороевдин айтымында, учурда бала жасалма дем алдыруу жабдуусу жок эле өз алдынча дем алып жатат.

Жороев учурда баланын абалы жакшырып баратканын, бирок ал процесс өтө жай экенин кошумчалады.