Бир нече автоунаанын катышуусундагы жол кырсыгы 21-январь күнү түн ичинде Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүндө болду. «Ниссан Скайлайн» электр мамысына барып сүзүлгөн, ал эми бир канча мүнөттөн кийин кырсык болгон жерге барган тез жардам унаасына жолдо бара жаткан «Лексус» сүзүлгөн. Жаракат алгандар жок.

«Ниссан Скайлайн» үлгүсүндөгү автоунаа 21-январь күнү түн ичинде электр мамысына барып сүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, электр мамысы унаанын үстүнө кулап, анын тулкусун талкалаган. Айдоочу  тайгактан улам рулду башкара албай калган.

«1994-жылы туулган айдоочу кыз рулду башкара албай калган. Кырсыктын келип чыгышына жолдун тайгак экендиги себеп болгон. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барды», — деп билдиришти Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан.

Медициналык кароо маалында тез жардам кызматынын унаасына жогорку ылдамдыкта бара жаткан «Лексус» үлгүсүндөгү автоунаа келип сүзүлгөн.