Kloop.kgнин кабарчылары 2015-жылдын башында бажы төлөмдөрүнүн жогорулашы менен унааларга болгон баалар менен суроо-талаптын кандай өзгөргөндүгүн билүү үчүн Бишкектеги «Азамат» унаа базарында болуп кайтышты.

Унааларды алып кирүүдө төлөнчү бажы төлөмдөрү жогорулагандан кийин жана Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүсүнүн алдында Бишкектеги «Азамат» ири унаа базарында автоунааларга болгон суроо-талап кескин төмөндөп кеткен.

Сурамжыланган сатуучулардын көбү колунда калган унааларды сатып түгөнткөндөн кийин бул бизнестен кетүү ниетинде. Башкалары болсо унааларды Орусиядан алып келип баштоону пландап жатышат.

Унааларга болгон бажы төлөмдөрү Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүсүнүн алкагында 2014-жылдын сентябрынан тарта кымбаттап баштаган.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бажы төлөмдөрүнүн кымбатташы 2019-жылга чейин баскыч-баскыч менен жүргүзүлөт. Kloop.kgнин кабарчыларынын жана кыргыз жаңылыктар порталдарынын эсептөөлөрү боюнча, бул чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша автоунааларга болгон баалардын 10-12 эсеге чейин кымбатташына алып келиши мүмкүн.

2015-жылдын башталышына чейин унааларын бажыдан өткөрүүгө жетишпей калган автоунаа ташуучулардын тобу 23-январда эски тарифтерди кайтаруу талабы менен митингке чыгышкан. Анда алар өкмөттөн бажы төлөмдөрүн жогорулатууну жокко чыгарууну талап кыла тургандыктарын билдиришкен.

Тема боюнча: Видео: Автоунаа ташуучулардын бажы төлөмдөрүнүн жаңы тарифтерине каршы митинги

2014-жылдын октябрында бажы төлөмдөрүнүн кымбаттоосунун алгачкы баскычында автоунааларга болгон баалар 500-1000 долларга чейин жогорулаган. Анда унаа сатуучулар баалардын 2015-жылга карата кыйла кымбаттай тургандыгын божомолдошкон.

Тема боюнча: Бишкектеги унаа базарынын сатуучулары машиналардын кымбатташы тууралуу

Тема боюнча: Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин унааларга болгон бажы төлөмдөрү 20 эсеге жогорулашы мүмкүн.