«Кыргыз кодекси» — «моралдык-этикалык нормалардын» жыйындысы — бүгүн маданият министринин орун басары Максат Чакиев тарабынан тааныштырылды. Анын айтымында, кодексте «кыргыз элинин күчтүү сапаттары менен баалуулуктары» көрсөтүлгөн.

«Кыргыз кодексинин» бетачары 4-февралда болду. Чакиев китептеги нормалардын жыйындысы «кыргыздар кимдер?» деген суроого жооп табуу үчүн түзүлгөндүгүн билдирди.

«Акыркы 20 жылдан бери «биз кимбиз?» деген суроонун жообун издөөдөнүн үстүндө болчубуз. Анан биз көптөгөн кызыктуу учурларды таптык, мисалы, илгери кыргыздарда өздөрүнүн кодекстери бар экендигин […] «Кыргыз кодексин» китеп түрүндө түзүп чыгардык. Бул биздин моралдык-этикалык Конституциябыз деп айтып койсок болот», — деп билдирди ал.

Чиновниктин айтымында, кодекс «кыргыз элинин тактык, чынчылдык, сөзгө туруу сыяктуу улуу сапаттарын» көрсөтөт. Чакиев ошондой эле кодекс «терс сапаттардын жайылышына» жол бербөө үчүн түзүлгөндүгүн кошумчалады.