Маданият министринин орун басары Максат Чакиев Kloop.kgге берген маегинде «Кыргыз кодекси» деген эмне, анын зарылдыгы жана ага бийлик канча убакыт коротконун айтып берди.

Түз көрсөтүү:

Тексттик хроника

15:44 Чакиев «Кыргыз кодексинин» басылып чыгышы Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан каржыланып жаткандыгын айтты.

15:42 «[«Кыргыз кодекси»] долбоордун мамлекеттик түзүмдөргө, маданият министрлигине тиешеси жок. Эмгек кодекси тарабынан бизге коомдук ишмердүүлүк менен алектенүү, анын ичинде китеп жазуу ишмердүүлүгү үчүн укук берилген. Мында эч кандай карама-каршылык жок. Имитациялар тууралуу — эгер кимдир бирөө биздин ишмердүүлүктөн шектенсе, анда өзүнчө бир отчет берип, маалымат жыйынын өткөрүүгө даярмын», — деди министрдин орун басары.

15:35 «Биз кайсыл гана жаран болбосун бардыгын тең моралдык-этикалык нормаларды карманууга чакырабыз. Бизге батыштын маданияты келип жатканын билесиңер, мен каршы эмесмин. Бизде эч кандай каршылык жок. Анын өтө позтивдүү жактары бар. Биз ошолор үчүнбүз. Бирок биз байыртан бери ата-бабаларыбыз жашап келген моралдык-этикалык тиректерди сактап калууга чакырабыз», — деди Чакиев.

15:25 «Биздин коом принциптерге карманбай калды. Биз өз принциптерибизде карманбай элебиз. Биздин китеп урматтоо менен мамиле кылып, аны түшүнүүгө чакырат», — деди Чакиев.

15:00 Чакиев менен маек 15:10до башталат. Азырынча өз пикирлериңиздерди жана суроолоруңуздарды калтырсаңыздар болот.

Контекст: «Кыргыз кодекси»

«Кыргыз кодексинин» бетачары 4-февралда болгон. Анда Чакиев китептеги нормалардын жыйындысы «кыргыздар кимдер?» деген суроого жооп табуу үчүн түзүлгөндүгүн билдирген.

«Акыркы 20 жылдан бери «биз кимбиз?» деген суроонун жообун издөөдөнүн үстүндө болчубуз. Анан биз көптөгөн кызыктуу учурларды таптык, мисалы, илгери кыргыздарда өздөрүнүн кодекстери бар экендигин […] «Кыргыз кодексин» китеп түрүндө түзүп чыгардык. Бул биздин моралдык-этикалык Конституциябыз деп айтып койсок болот», — деп билдирген ал.

Чиновниктин айтымында, кодекс «кыргыз элинин тактык, чынчылдык, сөзгө туруу сыяктуу улуу сапаттарын» көрсөтөт. Чакиев ошондой эле кодекс «терс сапаттардын жайылышына» жол бербөө үчүн түзүлгөндүгүн кошумчалаган.