Орусиядагы популярдуу «Камеди Баттл» телешоусунун финалына чейин жеткен кыргызстандык жалгыз стендап-куудул Kloop.kgге берген маегинде шоунун сахнасынын ары жагындагы жашоо, анын Кыргызстандагы белгилүүлүгүнө карата мамилеси жана сахнадагы Акимжан деген образы тууралуу айтып берди.

Кыргызстандык стендап-куудул Аким Карасаев Kloop.kgге берген маегинде «Камеди Баттлда» уюштуруучулар атайын номурларын «жазып берип» сахнага чыккандыгы үчүн акча төлөп берген «жалган куудулдар» бар экенин айтты.

«Анда уюштуруучулар акча төлөп туруп: «Сен жөн гана сахнага чыгып, ары-бери кыймылдап, буларды айтып коесуң, анан сени өткөрбөй коюшат да сен кетип кетесиң», деп, акча төлөп берген [жалган] куудулдар бар», — деди Карасаев.

Анын айтымында, шоунун ар бир сезонунда бир нече жалган куудулдар болот.

Аким «Камеди Баттлдын» финалында номурун даярдоо үчүн «убакыттын аз болуп калгандыгынан» улам жеңишке жетпей калгандыгын айтты — Карасаевдин анда аткарган номуру эфирден көрсөтүлгөн эмес.

«Мен финалга бир күн калганда жазган номурумду көрсөттүм, анткени 17-18-сентябрда жарым финал болуп, 20-сентябрда финал болгон. Мен номурумдун жарымын гана даярдоого үлгүрүп, ошол бойдон сахнага чыгууга туура келди», — деди Карасаев.

Аким Карасаев — 2014-жылы Орусиядагы популярдуу «Камеди Баттл» телешоусунун финалына чейин жеткен кыргызстандык жалгыз стендап-куудул.