Бишкек мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев мэрия шаардын борборун акырындык менен маршруттук таксилерден бошотуу үчүн автобустар менен троллейбустардын санын көбөйтүү ниетинде экенин билдирди.

Мэриянын планына ылайык, маршруттук таксилерден шаардын Чүй, Манас проспектилери, Москва жана Абдрахманов көчөлөрү менен чектелген аймагы, ошондой эле Ош базарынын айланасындагы көчөлөр бошотулат.

Болот Мамышевдин айтымында, учурда жаңы схема коомдук талкууда, ал аяктаган соң мэрия Бишкектин борборундагы коомдук транспорт кыймылынын бекитилген долбоорун сунуштайт.

«Көптөгөн сунуштар келип түшүп жаткан жарандар менен талкуулагандан кийин кичи автобустардын бардыгы үчүн каттамдардын биротоло такталган вариантын алып чыгабыз», — деди Мамышев.

Ал коомдук транспорт кыймылынын жаңы каттамдарын киргизүү жайга жакын — 2015-жылдын май-июнь айларында баштала тургандыгын кошумчалады.

Бишкектиктер мэриянын демилгеси тууралуу:

Шаардыктардын пикирлери ар түрдүү болуп чыкты. Бир бөлүгү борборду чынында эле маршруттук таксилерден бошотуу керек деп ишенишсе, башкалары автобус жана троллейбустар сыяктуу алтернативанын жоктугуна байланышкан ыңгайсыздыктардан кооптонушат.

Сүрөт баян: Бишкек маршруттук таксилерсиз