Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) башчысы Сергей Дьяченко инспекторлор шаар көчөлөрүндө эреже бузуу менен токтотулган унааларды алуу үчүн эвакуаторолорду чакыра тургандыктарын билдирди.

Дьяченко автоунааларды мажбурлап эвакуациялоо Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол сыяктуу ири шаарларда жүргүзүлө тургандыгын билдирди.

«Учурда биз аталган ишти жүргүзүү тартиптеринин үстүндө иштеп жатабыз, өз кезегинде ал шаардын көчөлөрүндөгү транспорттун ирээттүү кыймылына тоскоолдук жаратып, унаа токтотуу эрежелерин бузган транспорт каражаттарын эвакуациялоо менен активдүүрөөк алектенүүбүзгө мүмкүнчүлүк берет», — деп билдирди ал 13-февралда.

ЖККнын башчысы азыр жаңы жол белгилери менен «жол түшүнүктөрүнүн туура бөлүштүрүлүшүн» сунуштаган жаңы мыйзам долбоору каралып жаткандыгын кошумчалады.

«Жол коопсуздук эрежесинин жаңы долбоору даярдалууда. Анда жоболордун бардыгы түшүнүктүү жазылып, жол түшүнүктөрүнүн туурараак бөлүнүшү көрсөтүлөт жана бир катар жаңы жол белгилери киргизилет», — деди Дьяченко.