Бишкектеги MediaLAB социалдык жарнама студиясы италиялыктардын аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы «Кызды ур» деген аталыштагы популярдуу ролигинин ремейкин тарткан. Сюжет боюнча, балдардан кызды урууларын өтүнүшөт да алардын реакцияларын көрүшөт.

Италиялык популярдуу «Кызды ур» (Slap her) социалдык жарнамасынын кыргыз версиясы интернетте 20-февралда пайда болду. Ремейктин автору MediaLAB studio болгон.

Италиялык видеонун түп нускасынын сүрөттөөсү төмөндөгүдөй: «Аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө балдар мына мындай реакция жасашат».

Роликтин башында бир нече балага: «Атың ким?», «Канчадасың?», «Чоңойгондо ким болгуң келет?» деген жөнөкөй суроолор берилет.

Андан соң кадрда кыз пайда болот, аны Мартина деп тааныштырышат.

Италиялык роликти 26 миллион колдонуучу көрүп, интернетте кызуу талкуу жараткан.

Колдонуучулардын бир бөлүгү авторлордун аялдарга карата көрсөтүлүп жаткан зомбулук көйгөйүнө көңүл буруу керек деген пикири менен макул болушуп, видеонун идеясын колдоого алышкан.

Башкалары болсо «кызды объект катары көрсөткөндүктөрү үчүн» авторлорду айыпташкан. Анткени интервью алып жаткан адам кызга эч кандай суроо бербейт жана кадрдын сыртындагы үн балдарга өтө кызыгып жаткан маалда кыз кадрда пайда болгондон баштап эч унчукпайт.