Масленицанын урматына карата джип-кросс боюнча мелдештер 22-февралда Бишкектен алыс эмес Озерный айылында болуп өттү.

Профессионалдуу айдоочулар үчүн ТР-3 категориясында өз алдынча жасаган унаасы менен Талант Дүйшекеевдин экипажы жеңишке жетти. Анын категориясындагы төрт команданын экөөсү унааларынын бузулгандыгы жана жолдун татаалдыгынан улам марага жетпей калышты.

Даярдалган автоунаалар үчүн ТР-2 категориясында Темир Туралиевдин экипажы биринчи орунга ээ болду. Ал «Джип Чероки» менен өз классында белгиленген жерде баарынан көп жолу айланып өтө алды.

Сергей Кривокобыльскийдин экипажы «Мицубиси Паджеро» унаасы менен даярдалбаган жолтандабастарга арналган ТР-1 категориясында биринчи орунду ээледи.

Катышуу үчүн башкы шарт — жолтандабастын арткы дагы, астыңкы дагы дөңгөлөктөрүнүн аракетте болуусу. Ар бир категорияда бир сааттын ичинде атаандаштарына караганда көбүрөөк жолу айланган экипаж жеңүүчү деп табылды. Ар бир унаада экиден киши болгон — айдоочу жана жол баштоочу.

Тема боюнча: Видео жана сүрөт: Бишкектин четиндеги жолсуз жарыштар