Оңдоо кызматынын эки жумушчусу Бишкектин «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борборундагы жүк ташуучу лифттин шахтасына кулап түшүп каза болушту.

Кырсык 13-март күнү эртең менен болду —оңдоо кызматынын эки жумушчусу «Айчүрөк» соода борборундагы жүк ташуучу лифттин шахтасына кулап түшүшкөн. ЦУМдун кызматкеринин айтымында, алар алтынчы кабаттан оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан маалда кулап кетишкен.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан жумушчулардын каза болгондуктарын ырасташты, бирок кырсыктын чоо-жайы тууралуу кенен айтып бере алышкан жок.

«Болгону лифт кулап кетип, эки киши каза болгондугун гана айтууга болот», — деп билдиришти Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

24.kg басылмасы ШИИБге шилтеме жасоо менен адамдардын каза болгондугу фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугун жазды.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, жумуш маалында зым аркан бекитилген кармагыч үзүлүп кеткен. Алар шахтада алтынчы кабаттын деңгээлинде жүрүшкөн. Ошол жактан төмөн кулап түшүп, дароо көз жумушкан. […] Мында күнөө жетекчиликте же техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаган жумушчулардын өзүндө болушу мүмкүн», — деп билдирди Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казыбаев «24.kg» агенттигинде берген маегинде.

Соода борборунун кызматкери Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кырсык болжол менен ЦУМ ачылганга чейин болгондугун айтты.

«АКИпресс» маалымат агенттиги каза болгондордун аты-жөндөрүн жарыялады:

  • Алтынбек Алиев, 1977-жылы туулган;
  • Кубаныч Эстебесов, 1978-жылы туулган.

ЦУМдун администрациясы түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

«Жүк ташуучу лифтти кулпулап жаап салышты. Администрация түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат», — деп билдирди Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай кырсык болгон жерден.

Тексттик хроника:

12:23 Владимир Цайдын айтымында, ЦУМдагы соода токтотулган жок.

11:52 Kloop.kgнин кырсык болгон жерде жүргөн кабарчысы Владимир Цай соода борборунан ритуалдык кызматтарды көрсөткөн «Радамант» агенттигинин унаасын чыгып кеткенин билдирүүдө.

АКИпресс маалымат агенттининин билдирүүсү боюнча, каза болгондордун аты-жөндөрү Алтынбек Алиев жана Кылыч Эстебесов. 24.kg агенттиги алар «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын жумушчулары болушкандыгын жазды.

11:24 Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз. Милициянын билдирүүсү боюнча, учурда кырсык болгон жерде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

«Болгону азырынча лифт кулап кетип, эки киши каза болгондугун гана айтууга болот», — деп билдиришти Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

«Азаттык» радиосу тез жардам кызматынын станциясына шилтеме жасоо менен  эки киши лифттин шахтасына 6-кабаттан кулап түшкөндүгүн билдирүүдө.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча, кырсык соода борборунун лифтинде оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда болгон», — деп жазылган радионун сайтында.

Азырынча ЦУМдун администрациясындагылар кырсык боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

Kloop.kgнин окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы Владимир Цай соода борборундагы сатуучулардын эч кимиси кырсык тууралуу билбей тургандыктарын айтты.

«Жүк ташуучу лифтти кулпулап жаап салышты. Администрация түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатат», — деди ал.

24.kg маалымат агенттигинин журналисти Махинур Ниязова дагы ЦУМда соода кылгандар кырсык тууралуу эч нерсе билбей тургандыктарын, а соода борборунун администрациясы «коркунучтуу деле эч нерсе болбогондугун» айтып жаткандыгын жазды.

Урматтуу окурмандар. Эгер сиздер ошол маалда «Айчүрөк» соода борборунда болуп, окуяга күбө болгон болсоңуздар анда +996773018918 же +996772145319 номурларына чалып, маалымат менен бөлүшүңүздөр.