Сумо күрөшү боюнча Бишкектин ачык чемпионаты 13-мартта Спорт ордосунда өттү. Мелдештин алкагында жапон сумо-спортчулары Миэда Котаро менен Ёки Сакаэ өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Чемпионатка Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарынан 100гө жакын спортчу катышты. Мелдештин финалдык бөлүгүнө Жапониянын Кагосима префектурасынын Сумо федерациясынын президенти Кадзуо Курадзоно калыстык кылды.

Автор: Виталий Белошапкин