Парламенттин 120 депутатынын 10го жакыны Ак үйдүн алдындагы ишембиликке чыгышты. Алар бир саат парламент имаратынын тегерегиндеги аймакты тазалашып, андан соң өз фракцияларынын жыйындарына кетишти.

Ишембилик 21-мартта белгилене турган Нооруз майрамынын алдында жарыяланган. Парламенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, таштандылардан арылуу «жаңыланууну» символдоштурат.

«Алар парламент имаратынын тегерегиндеги аймакты тазалашты. Тилкелер фракциялар, Аппарат жана Башкармалыктар ортосунда бөлүштүрүлгөн, жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин имаратынын тегерегиндеги аймак толугу менен тазаланды», — деп жазылган билдирүүдө.