Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиевди 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Арпачиев өз иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын билдирди. Ыкчам-иликтөө иш-чарасын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте өткөрүшкөн.

Кармалган тергөөчү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын билдирүүсү боюнча, мекемеге жеке ишкер кайрылып, кылмыш ишин токтотуу үчүн Арпачиев андан 200 миң доллар талап кылып жаткандыгын билдирген. Мекемеден анын эмне болгон кылмыш иши экендигин тактап билдиришкен жок.

Пара талап кылуу фактысы боюнча «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара талап кылуу» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Арпачиев башкы прокуратуранын үч орун басары кызматтан алынгандан он күн өткөн соң кармалды. Алардын бири — Темирбек Бекмаматов — Кыргызстандан Казакстанга үй жаныбарларынын терилерин аткезчилик жол менен өткөрүүнү «калкалоого» айыпталууда.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева жогорку кызматтагы тергөөчүсүнүн кармалышы анын макулдугу менен болгондугун билдирди. Жолдубаеванын айтымында, Арпачиев тууралуу маалыматтын объективдүүлүгүнө жана анын канчалык деңгээлде чын экендигине ишенүү кыйын болгон.

«Бул факты аныкталса жалпы эле Башкы прокуратуранын, жалпы эле прокуратура органдарынын ишине так түшөрүн түшүнүү менен, мен кылмыш ишин козгоого макулдук бердим жана бардык тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырдым», — деп жазды «АКИпресс» агенттиги анын айткандарын.

Иш сапары менен Францияда жүргөн президент Алмазбек Атамбаев Кылычбек Арпачиевдин кармалышын күткөндүгүн билдирди.

«Бул жакка чыгар алдында мен башкы прокурор жана Антикоррупциялык кызмат менен жолуккам, анда күч түзүмдөрү өздөрү тазаланышы керек деген сөздөр болгон. Мен күткөндөй эле, кечээ Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси - өлкөнүн башкы тергөөчүсү кармалды. Башкы прокуратура дагы пара алуу менен иштеген», — деп жазды «АКИпресс» анын айткандарын.