Милиция менен муфтият Бишкектеги борбордук мечиттин айланасындагы унаа тыгындарына даттанган социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын нааразычылыктарына реакция жасашты. Милиция кызматкерлери андагы транспорт кыймылын көзөмөлдөп башташты, мечит тосмолорду орнотту.

Милиция борбордук мечиттин айланасындагы унаа кыймылын көзөмөлдөп баштады — курчоодо турган милиция кызматкерлеринин биринин айтымында, укук коргоо органдары жума намазы маалында унаа кыймылын бир ай мурун эле көзөмөлдөп башташкан.

«Кыймылды көзөмөлдөө дайыма, ар апта сайын жума намазы маалында уланат», — деди Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Атыра Бекмурзаева Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде.

Мечиттин кызматкерлери унаалар өткөн жерге намаз окуп, транспорт кыймылына тоскоолдук кылбоо өтүнүчтөрү жазылган баракчаларды илишкен.

Борбордук мечиттин айланасындагы унаа тыгындары бишкектиктердин арасында бир нече жолу талкуу жараткан темалардан болгон. Кезектеги талкуу үстүбүздөгү жылдын февралынын аягында, качан «Фэйсбуктун» Юрий Ким аттуу колдонуучусу унаалар өткөн жерде намаз окуп жаткан адамдардын сүрөтүн жарыялагандан кийин башталган.

10987694_793116184106496_1657912492971325612_n

«Миңдеген эркектер. Миңдеген жайнамаздар. Мен Гоголь көчөсүнө кайрыла албай дагы бир квартал жүрөйүн деп чечтим. Жума намазга келгендер жайнамаздарын жолдун ортосуна жая баштаганда эле сактанып башташ керек болчу. Жолдогу унаалардын бардыгы тең токтоп калышты», — деп жазган ал сүрөт тууралуу баяндап.

Ал жайгаштырган сүрөт кыргызстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Кимдин «Фэйсбукка» жайгаштырган сүрөтү менен 230дан ашык киши бөлүшкөн — анда көбү көчөдө намаз окугандарды айыпташып, жума намазы транспорт кыймылына тоскоолдук кылбашы керектигин жазышкан.