Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Марат аттуу Бишкектин жашоочусунун документин текшерүү үчүн токтотуп, бирок өзүлөрү документтерин көрсөтүүдөн баш тартышкан. Марат милиционерлерди видеого тартып баштаганда алар анын колун кайрып, күч колдонушкан.

Ички иштер министрлигинен мекеме видеодогу милиция кызматкерлерине карата ички териштирүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти.