Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай парламент имаратындагы урналарда көптөгөн чылымдын калдыктарын видеого тартты — мамлекеттик органдардын имараттарында чылым чегүүгө «Жарандардын саламаттыгын чылымдын зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү» мыйзам менен тыюу салынган.

«Кыргызстандын жарандарынын саламаттыгын чылымдын зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү» мыйзамдын 7-беренесине ылайык, мамлекеттик органдардын имаратарында чылым чегүүгө болбойт.

Владимир Цай Ак үйдө мамлекеттик мекемелерде чылым чегүүгө салынган тыюунун бузулуп жаткандыгын видеого тартып алган. Жогорку Кеңештеги дааратканалардын биринин кире беришинде чылым чегүүгө болбой тургандыгы жөнүндөгү эскертүү жазылган баракча илинип турат ― бирок ага карабастан даараткананын ичинде чылымдын калдыктары салынган урна орнотулган.

Парламенттин басма сөз кызматынан чылым чегүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүү кагазынын аныктыгын ырасташты, бирок чылым калдыктары боюнча кийинчерээк аныктап маалымат бере тургандыктарын кошумчалашты.