Үстүбүздөгү жылдын октябрында Лос-Анджелесте өтө турган Эл аралык Азия кинофестивалынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Kloop.kgнин киносынчысы Азамат Өмүралиевге интервью берди. Ал аталган фестиваль азиялык режиссерлордун «Оскарга» ат салышуусуна кандайча жардам бере тургандыгы жана Кыргызстандан кандай тасмаларды күтүүгө болорун айтып берди.

Өткөн аптада «Курманжан Датка» тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз Кошмо штаттарында азиялык кинематографисттер үчүн жаңы кинофестиваль негиздегендиги белгилүү болгон. Анын айтымында, ал фестиваль Азия режиссерлоруна «Оскар» жана «Золотой глобус» сыйлыктары үчүн ат салышууга жардам берчү аянтча болот.

Шер-Нияздын убадалоосу боюнча, калыстар тобу «Оскар» комитетинин академиктеринен турат, а фестивалдын маалыматтык колдоосу менен кино жөнүндөгү белгилүү TheWrap журналы алектенет.

Оператор: Виталий Белошапкин