Аниме сүйүүчүлөрүнүн «DaiCon 2015» фестивалы Бишкекте апрелдин башында өттү — костюмдаштырылган шоуго 50дөн ашык киши катышты.

Фестивалдын уюштуруучусу Асыл Бекжанова Кыргызстанда косплейдин популярдуулугу жыл сайын өсүп жаткандыгын айтты.

«Биз буга кубанычтабыз. Жыл сайын косплейге тартылып, костюмдарды жасагандардын саны көбөйүүдө. Бул өтө жакшы», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Фестивалга 250дөн ашык киши келген, алардын көбү сүйүктүү аниме каармандарынын костюмдарын кийип алышкан.

Эң популярдуу образ «Токийский гуль» анимесинин каармандары болушту.

Ошондой эле мында кинотасмалар менен комикстердин каармандарын да кездештирүүгө мүмкүн болду — мисалы,  «Люди Икстеги» Шторм менен супербаатыр Бэтмен жөнүндөгү чыгармадагы Харли Куиннди.

Фестивалдын катышуучуларынын айтымдарында, көпчүлүгү костюмдарын өз алдынча даярдашат. Кээ бирлери костюмдарын даярдоого эки ай убакыт сарптагандыктарын айтышты.

«Мен буйрутма менен жасаткам. Кээ бир деталдарын өзүм тиккем», — деди «Токийский гуль» анимесинин каарманы Канеки Кенанын костюмундагы Сергей.

Фестивалдын программасы үч бөлүктөн турду: дефиле, анимедеги ырларды аткаруу жана анимеден үзүндү сахналаштыруу.

Косплей-фестивалы 2011-жылдан бери Бишкекте жыл сайын өтүп келет. Уюштуруучулар аны жылына эки жолудан: жазында «DaiCon» деген, а күзүндө  — «Animaru» деген аталыштарда өткөрүүнү пландап жатышат.

Косплей — жапон маданиятынын, анимесинин, комикстеринин, компьютер оюндарынын жана кинотасмаларынын сүйүүчүлөрүнүн костюмдаштырылган салттуу оюну. Мындай фестивалдардын форматы 80-жылдардын башында Жапонияда пайда болуп, дүйнө боюнча аниме сүйүүчүлөрдүн арасында популярдуу болуп калган.