Kloop.kgнин кабарчылары депутаттардын кечки саат 10дон эртең мененки 8ге чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу демилгесине кандай пикирде экендиктери боюнча шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүштү.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын дээрлик үчтөн бири кечки саат 10дон эртең мененки 8ге чейин алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелешти.

Тыюу салуулар «коомдун моралдык жактан оңолуусу жана калктын эмгекке жарамдуулугунун жогорулоосу» менен түшүндүрүлүүдө.

Кененирээк: Парламент түнкүсүн алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салууну сунуштоодо

Кабарчы: Улан Мырза

Оператор: Тилек Бейшеналиев